Оң рулдуу унаалар менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салуу сунушталды

Иллюстративдик сүрөт: Kloop

Ички иштер министрлиги оң рулдуу унаалар менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу токтом долбоору 10-февралда Министрлер кабинетинин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Токтом долбоорунда жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн оң рулдуу унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталган.

Ошондой эле жүргүнчү ташуучу автобустарга ылдамдыкты чектөөчү түзүлүш (ЫЧТ) орнотуу сунушталууда. Анын максаты унаанын максималдуу ылдамдыгын 60 же 90 км/саатка чейин автоматтык түрдө чектөө болуп саналат. Мындай түзүлүшсүз автобустарды каттамга чыгарууга жол берилбейт.

Маалыматка ылайык, мындай сунуш жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жүргүнчүлөрдү ташуудагы кырсыктардын алдын алуу жана транспорт ишин көзөмөлдөө максатында иштелип чыкты.

2022-жылдагы жол-транспорт кырсыктарынын статистикасына ылайык, жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттордун катышуусунда жалпы 299 жол кырсыгы катталган. Анда 28 адам каза таап, ал эми жаракат алгандардын саны 734 адамды түзгөн.

Оң рулдуу автоунааларга тыюу салуу

2015-жылдын мартында Кыргызстанда оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салынган. Мындай чечимди ошол кездеги бийлик «оң рулдуу автоунаалар озуп өтүүдө айдоочунун сол тарабы көрүнбөгөндүктөн унаа кырсыктарына кабылып жатат» деп негиздеген.

Коммуналдык, айыл чарба, жол курулушу жана башка максаттар үчүн колдонулган транспорт каражаттары тыюуга алынган эмес.

Андан бери бийлик оң рулдуу таксилерге да тыюу салууну мезгил-мезгили менен сунуштап келет. Бирок айдоочулар буга кескин түрдө каршылык билдирип келишет.

Буга чейин ИИМ такси айдоочуларын иши үчүн лицензия алууга милдеттендирген мыйзам сунуштаган.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин пикиринде, аталган мыйзам долбоору кабыл алынса оң рулдуу унаалардын айдоочулары лицензия ала албай, мыйзам сыртында калат. Бул «такси кызматкерлеринин митингдерине алып келет» деп эсептейт эл өкүлү.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 17 миңдей такси иштейт, анын жарымы оң рулдуу. Ошондой эле оор кырсыктардын 60%ы оң рулдуу унаалардын катышуусунда болоору белгиленген.

Редактору: Бакай Алмаз

ТЕМА БОЮНЧА:

«Ишсиз калышат». Бекешев таксини лицензиялоо жөнүндө мыйзам долбоорун сынга алды