Temirov Live 2022-жылы чыгарган иликтөөсү үчүн Улан Эгизбаев атындагы сыйлыкты жеңди

12-февралда иликтөөчү журналисттерге Улан Эгизбаев атындагы жыл сайын берилүүчү сыйлыктар тапшырылды.

Ага ылайык, биринчи орунду «2 күндө 37 миллион сомду кантип тапса болот? Ташиевдин схемасы, Садыр Жапаровдун жообу!» деген иликтөөсү үчүн Temirov Live командасы ээледи. Болот Темиров — 2022-жылдын ноябрында Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист. Бул журналист аталган иликтөөсүн чыгаргандан кийин бир жыл өткөн соң болгон.

Милиция 2022-жылдын январында Темировду баңгизат сактоого айыптап кармаган. Иликтөөчү журналист аны четке кагып, баңгизатты ага салып коюшканын билдирген. Кийин ал кыргыз паспортун жасалмалоого жана чек арадан мыйзамсыз кесип өтүүгө да айыпталган.

Ошол эле жылдын сентябрында Бишкектин Свердлов райондук соту Темировду бангизат сактоо жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү иши боюнча актаган. Бирок Бишкек шаардык соту Темировдун паспорту жокко чыгарылганын негиз кылып, аны өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Журналистти күчтөп аэропортко жеткирип, Москвага салып жиберишкен.

Темиров өлкөдөн чыгарылып, кыргыз жарандыгынан ажыратылганын мыйзамсыз деп эсептейт.

Парламент депутаттары, көзкарандысыз юристтер, медиа коомчулук жана эл аралык уюмдар журналист өлкөдөн күч менен чыгарылган айыптап, сот чечимин жокко чыгарууну талап кылышкан.

Алардын баары журналистти жарандыктан ажыратуу менен өлкөдөн сыртка чыгарууну — Темировдун конституциялык укугун бузуу жана «чектен ашкан куугунтук» деп эсептешет. «Адилет» укукктук клиникасы коомдук фондунун юристтери Бишкен шаардык соту Конституцияны одоно бузганын» белгилеген.