Башкы прокуратура Ош шаардык билим берүү башкармалыгы бюджетке 1,9 млн сом зыян келтиргенин аныктады

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы өткөн жылы мамлекетке 1,9 млн сом зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу 14-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы билим берүү башкармалыгында текшерүү жүргүзүп, мекеме мамлекетке 1 млн 905 миң 987 сом зыян келтиргенин аныктаган.

Башкармалыктын айрым кызматкерлери эч бир мектепте, башкармалыкта иштебеген тааныштарынын атынан атайын эсеп ачып, аталган суммадагы акчаны өзүлөрүнө алып жүргөнү айтылат.

Учурда «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин УКМК Чүй облусунун Кемин райондук билим берүү бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча туруктуу системаны аныкталганын билдирген.

Маалыматка караганда, райондук билим берүү мекемесинин жооптуу кызматкерлери алыскы аймактардагы орто мектептердин мугалимдерине кабарлабай туруп алардын атынан банктык эсептерди ачышкан. Муну менен алар ири каражаттарды чыгарып келгени айтылган.

Автору: Альбина Жыргалбек кызы

Редактору: Рустам Турсунбеков

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Чүйдө мугалимдердин атынан аларга айтылбай банк эсептери ачылып, миллиондор уурдалган