Бир кВт/с үчүн — 1 сом, керектөө чеги эки эсе көбөйтүлөт. Электрдин жаңы тарифтери көрсөтүлдү

Энергетика министрлиги бир киловатт электр энергиясын керектөөнүн баасын 1 сом өлчөмүндө деп көрсөтүлгөн тарифти киргизүүнү, бирок ошол эле учурда керектөө чегин 700дөн 1,5 миң киловатка чейин көбөйтүүнү каалайт. Мыйзамдын долбоору коомдук талкууга чыкты.

Анда өлкөдө эки баскычтуу, айына 1,5 миң киловатка чейин керектөөдө бир киловатына 1 сомдон деген тарифи кала берери айтылат. Ал эми көрсөтүлгөн чектен ашкан учурда бир киловаты үчүн 2,16 сомдон төлөөгө туура келет.

Жаңы тарифтерди 2023-жылдын 1-майынан тартып киргизүүнү сунушталууда.

Энергетика министрлигинен аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн тарифтер өзгөрбөсүн, бир киловатт үчүн 50 тыйындан каларын айтышты. Ошондой эле тариф бийик тоолу же алыскы аймактардын тургундары үчүн дагы мурдагы бойдон калат. Алар бир киловаты үчүн 77 тыйындан төлөшөт.

Тарифтер бюджеттик жана диний уюмдар, социалдык мекемелер менен өндүрүштүк объектилер, анын ичинде майнинг-фермалар, алтын өндүрүүчү жана башка цехтер үчүн дагы өзгөртүлбөйт.

Мындан сырткары, чиновниктер тарифти электр энергиясы менен жүргөнтранспорттор үчүн дагы көтөрүүнү каалашат:

  • коомдук троллейбустар менен электроавтобустар — 1 кВт/с үчүн 1,91 сом;
  • электромобилдерди кубаттоочу жеке менчик станцияларга —1 кВт/с үчүн 2,87 сом;

Мекеме тарифтерди 2024-жылдан тартып жыл сайын 1-июнда инфляциянын коэффициентине жараша көтөрүп турууну пландоодо.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде тарифтер тартыштык болуп жаткан шартта калкты «электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз» камсыз кылуу максатында көтөрүлүп жатат деп айтылат. Ошондой эле, электр энергиясы менен камсыздаган уюмдардын чыгымдарынын ордун толтуруу максатында экени кошумчаланган.

Электр энергиясынын баасы кымбаттарын 2023-жылдын январында президент Садыр Жапаров билдирген. Ал эгер тарифтер көтөрүлбөсө өлкө энергетика тармагынан жоготуп алышы мүмкүн экенин айткан. Президент өлкөдөгү электр жабдыктары дээрлик 80%га эскиргенин, ал эми электр тармактарынын карызы 137 миллиард сомду түзөрүн белгилеген.

2023-жылдын январында өлкөнүн көпчүлүк аймагындагы катуу сууктан улам электр жарыгы үзгүлтүк менен берилип турган. Бул тууралуу айрым тургундар жарык бир нече саатка эле эмес, күн бою өчүп жатканын айтып нааразылыгын байма-бай билдиришкен. Өчүрүүлөр энергосистемадагы чоң жүктөмдөн улам болгон. Энергетиктер катуу суукта кыргызстандыктар электр энергиясын эң көп керектеп, ал рекорддук чекке жетип жатканын белгилешкен.