ЖККУнун Кыргызстандагы машыгуусу ички саясий чакырыктарга каршы турууга жардам берет — Затулин

Орусиянын Мамдумасынын депутаты Константин Затулин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тынчтык сакчыларынын Кыргызстандагы машыгуулары өлкө бийлигине ички саясий чакырыктарга каршы турууга жардам берет деп эсептейт. Бул тууралуу Затулин «Ведомости» басылмасына берген интервьюсунда айтты.

«Ошол эле учурда Кыргызстан эч нерсе жоготпойт. [...] Анын үстүнө, анын Борбор Азиядагы башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстандын өзүнүн бүтүндүгү үчүн кабатыр болууга себептери жетиштүү, себеби кай жерде болбосун түндүк жана түштүккө бөлүнүү бар. Бул жактан алып караганда, ЖККУнун машыгуулары орундуу болот — башкаруучу күчтөрдүн шериктештиктеги өнөктөштөрү менен байланышын көрсөтүү үчүн», — деди Затулин.

ЖККУнун тынчтык сакчыларынын «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуулары Кыргызстанда өтөрүн 14-февралда штабдын жетекчиси, генерал-полковник Анатолий Сидоров билдирген.

Анын айтымында, аталган машыгууларда кризистик аймактардагы жаңжалдан кийинки абалды жөнгө салуу тапшырмалары аткарылат. Ошондой эле тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо үчүн ЖККУнун жамааттык коопсуздук системасынын күчүн колдонуу менен тынчтык орнотуучу операциялар өткөрүлөт.

ЖККУнун машыгууларын Кыргызстанда өткөрүү чечими Армения январдын башында андан баш тарткандан кийин кабыл алынган. Бул туурадуу өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян билдирген. Анын айтымында, Армения өз аймагында андай машыгууларды өткөрүүнү максатка туура келбейт деп эсептейт.