Акылбек Жапаров: Курулуш компанияларга котлован казуу этабында эле акча жыйноого тыюу салынат

Бийлик курулуш компаниялардын котлован казууга даярдык көрүү баскычында эле жарандардан акча жыйноосуна тыюу салынарын билдирди. Бул тууралуу минкабдын башчысы Акылбек Жапаров парламенттин 16-февралдагы жыйынында айтты.

Жапаров бийлик үлүш ээлерин алдоону токтотуу үчүн бийлик бардык чараларды көрүп жатканын билдирди.

«Азыр эми биринчи кварталда аягына чыгарабыз. Курулуш компаниялары үйлөрдү өз акчасына же кредиттик ресурстардын эсебинен курушу керек. Ортодо банк түрүндө кепилдик болушу керек. Адамдар акчаны ошол банктын эсебине депозитке салышы керек, анан ошол банк минималдык пайыздык чен менен курулуш компанияны каржылашы керек. Бул жерде эки тоонун чөбүн эңсеген эчки арам өлөт дегендей болуп атат да: кээ бир курулуш компаниялар, балким 30%ы, бир үйдү куруп бүтүргөндүн ордуна эки-үч котлован казып, акча жыйнап башташат. Бул механизмдерге өкмөттүк деңгээлде тыюу салынат», — деди минкабдын башчысы.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда эми башаламан курулуштар болбойт, ал эми жаңы курулуштардын сапаты мамлекеттик көзөмөлгө алынганын билдирген.