ДССУ Кыргызстанда балдар арасында рак оорулары көбөйгөнүн билдирди

Иллюстративдик сүрөт: «Барометр» басылмасы 

Кыргызстанда балдар арасында рак оорусунун өскөнү байкалды. Бул тууралуу «Кабар» агенттиги 15-февралда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, улуттук өнөктөштөрдүн катышуусунда тегерек стол өткөрүлүп, анда дүйнөлүк уюм акыркы жылдардагы статистикалык маалыматтарды келтирген.

Ага ылайык, 2022-жылы — 157 баладан, 2021-жылы — 99 баладан, ал эми 2020-жылы — 139 баладан рак илдети аныкталган. Бишкек жана Ош шаарларында жылына 500дөй бала онкологиялык дарт менен ооруканага жатып чыгууда.

«2021-жылдан тарта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун техникалык колдоосу менен Кыргызстан шишиктердин бардык эпидемиологиясына көз салууга, дарылоонун натыйжаларына, түрлөрүнө жана бейтаптардын мындан аркы тагдырына, ошондой эле оорунун жыштыгына баа берүүгө мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды онкологиялык реестрге киргизе баштады», — деп билдирди уюмдун өкүлү.

Кыргызстандан соңку эки жылда рак илдети менен ооруган балдардын дарылануусуна мамлекеттик бюджеттен 7 млн сом бөлүнгөн.

Бирок Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Онкологиялык бөлүмүнүн адистеринин маалыматына ылайык, балдарды дарылануусуна кеминде 35 млн сом керек.

Автору: Айгерим Бекбосунова

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Ракка кабылган пенсионерге катоосундагы көйгөйлөрдөн улам меджардам көрсөтүлбөй жатат