Видео: Чаткалда калың кардан улам энергетиктер трансформаторлорго кыйынчылык менен жетүүдө

17-февралда Энергетика министрлиги Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кар калың жааганына байланыштуу электр тармагынын кызматкерлерине кыйынчылык жаралып жатканын айтып, жумуш учурунан видео бөлүштү.

Видедон энергетиктердин калың карды жиреп, жол салып бара жатканын көрүүгө болот. Алар авариялык өчүрүү болгондуктан, электр энергияны калыбына келтирүү үчүн трансформаторго кетип жатышкан.

«Азыркы учурда Ак-Таш айылында [Чаткал району] электр жарыгы жок. Айылдагы электр монтёрлор текшерүү жумуштарын жүргүзүүдө. Кошумча бригада ортодогу ашуудан тынбай кар көчүп коркунуч жаралгандыктан өтө албай турат», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Ош облусунун Алай районунда дагы электр энергия берүү токтотулуп, калың кар кызматкерлерге кыйынчылык жараткан.

Акыркы жумада Кыргызстандын бир нече аймактарында калың кар жааган. Мындан улам Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүп, «Арал» жана «Сосновка» постторунда автоунаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилди.

Эки постто кезекке турган жеңил жана жүк ташуучу автоунаалардын саны 500дөн ашты. Сууктан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик жылынуучу жайларды уюштуруп, 200дөн ашуун кишиге ысык тамак берди.

Ошондой эле бүгүн, 18-февралга карата Ош — Сары-Таш — Иркештам унаа жолунунун 184 километринен 239 километрине чейинки аралыкта кар көчкү жүрүп, үстүбүздөгү жылдын 21-февралына чейин жабылган.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Фулл Голд Майнинг» алтын казуучу ишканасынын Иштамберди тилкесинде кар көчкү жүрүп, төрт адам анын алдында калган. Кийинчерээк баары куткарылып, медициналык жардам көрсөтүлгөнү кабарланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад облусунда кар көчкүнүн алдында калган төрт адам куткарылды