«Колдоого чакырдым». Аскар Акаев президенттердин Дубайдагы жолугушуусу тууралуу кат жазды

Аскар Акаев. Сүрөт: Александр Натрускин / РИА Новости

Бозгундагы президент Аскар Акаев 17-февралда Дубайда өткөн Садыр Жапаровдун мурдагы президенттер менен жолугушуусу тууралуу кат жазды. Ал кездешүүгө макулдук бергенин жана колдоого чакырганын айтты. Акаевдин катын Kaktus.media басылмасы 20-февралда жарыялады.

Акаев Жапаровдун мурдагы президенттер менен жолугушуу уюштурганын «болуп көрбөгөндөй кадам жана тарыхый окуя» деп баалады.

«Албетте, мамлекеттүүлүктү, эл арасындагы биримдикти, ынтымакты бекемдөө — өлкө башчысынын түздөн-түз жана негизги конституциялык милдети. Бул милдетти иш жүзүндө толук ишке ашыра баштаганы кубандырат. Жеке мен бул демилгени колдоп, Кыргызстандын бакубат келечеги жана кыргыз коомундагы стабилдүүлүктү бекемдөө үчүн кесиптештеримди дагы ынтымакка жана колдоого чакырдым», — деп билдирди Акаев.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров жана анын командасы шайланып келгенден бери «мамлекеттик жана коомдук турмуштун бардык тармагында, ошондой эле ички жана тышкы саясатта көрүнүктүү ийгиликтерге жетишкен».

Ошондой эле мурдагы президент 2022-жылы Кыргызстанда коңшу өлкөлөр менен кызматташууну жана алаканы күчтөндүрүү максатында «тарыхый мааниге ээ окуялар» болуп өткөнүн белгиледи.

Анын ичинде «өлкөнүн стратегиялык өнөктөшү Орусия менен мамилеси бекемделип, мындан сырткары Өзбекстан менен чек ара маселелери «эки тарапка тең алгылыктуу жана пайдалуу жол менен чечилип, жемиштүү кызматташуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылганын» кошумчалады.

Мурдагы президенттердин Дубайдагы жолугушуусу

Президент Садыр Жапаров 18-февралда Дубайда Курманбек Бакиев баштаган Кыргызстандын мурдагы президенттеринин башын бириктирип, бир жерде жолуккан.

Маалыматка ылайык, жолугушууга бозгундагы Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков жана 14-февралда абактан бошотулган Алмазбек Атамбаев дагы катышкан.

Өлкө башчысы «элдин түбөлүк ынтымагы үчүн мурдагы президенттердин башын бириктиргенин» айткан. Ошондой эле мурдагы өлкө башчылары «ачуу кептерди айтышып, кетирген кемчиликтерин моюндарына алышып, эң башкысы — бири-бирин кечире билишкенин» белгилеген.

Сөзүнүн аягында президент кыргызстандыктарга кайрылып, «кечиримдүү болуу — улуу салт экенин» айтып, «ата-бабалардын наркында “атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” деген сөз бар экенин» эскерткен.

Ал эми 19-февралда Атамбаев президенттердин жолугушуусу тууралуу алдын ала кабардар болбогонун, жолугушууда Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев гана болору маалымдалганын айткан.

Анын пикиринде, «өлкөдө тынчтык жана биримдикти орнотуу менен Бакиевдердин Кыргызстанга кайтып келиши» — эки башка нерсе. Ал эми аларды айкалыштыруу «такыр башкача жыйынтык берет».

Буга чейин, 16-февралда, «Клооп» мурдагы президент Атамбаевдин күтүүсүз жерден абактан бошотулушу тууралуу эксперттер менен талкуу жүргүзгөн.

Анда алар өлкө башчысы «ар качан кечиримдүү болууга чакырганы менен, Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарга тагылган айыптар күмөндүү экени айдан ачык экенине карабастан ырайым көрсөтүлбөй жатканына» көңүл бурушкан.

Аны менен катар, «Атамбаевдин бошотулушу — бул тактан кулатылган президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтарууга даярдык көрүү аракети болушу мүмкүн» деген пикирлер дагы айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров Бакиев баштаган мурдагы президенттер менен жолукту

Атамбаев: Мага Жапаров жана Ташиев менен эле жолугасың дешкен

Бакиевди сүйгөндөр күнү. Атамбаев эмнеге эркиндикке чыгарылган болушу мүмкүн?