Атамбаев: Мага Жапаров жана Ташиев менен эле жолугасың дешкен

Алмазбек Атамбаев жана Курманбек Бакиев

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бакиев баштаган Дубайдагы мурдагы президенттердин жолугушуусу тууралуу алдын ала кабардар болбогонун айтты. Бул тууралуу 19-февралда анын расмий инстаграм барагында жарыяланды.

Анын пикиринде, «өлкөдө тынчтык жана биримдикти орнотуу менен Бакиевдердин Кыргызстанга кайтып келиши» — эки башка нерсе. Ал эми аларды айкалыштыруу «такыр башкача жыйынтык берет».

«Өтө көп кан төгүлдү, өтө көп нерсе унутулбашы керек жана унутууга болбойт дагы. Анан албетте, күнөөлүүлөр жооп бериши керек. Анан да адегенде каза болгондордун жакындары кечириши керек. Ошондой эле президент Садыр Жапаров мени угуп, туура чечим чыгарат деп үмүт кылам», — деди Атамбаев.

Ошондой эле ал, жолугушуу мурдагы президенттер менен эмес, Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен гана — «эски таарынычтарды унутуу үчүн сүйлөшүүгө чакырылганын» белгиледи.

Аны менен катар Атамбаев, жолугушуунун соңунда «эч ким менен коштошпой кетип калууга туура келген кырдаал пайда болгонун» айтты. Ал эми окуянын чоо-жайын кийинчерээк «зарылчылык жаралса айтып берерин» кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров 18-февралда Дубайда Курманбек Бакиев баштаган Кыргызстандын мурдагы президенттеринин башын бириктирип, бир жерде жолуккан. Маалыматка ылайык, жолугушууга бозгундагы Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков жана 14-февралда абактан бошотулган Алмазбек Атамбаев дагы катышкан.

Өлкө башчысы «элдин түбөлүк ынтымагы үчүн мурдагы президенттердин башын бириктиргенин» айткан. Ошондой эле мурдагы өлкө башчылары «ачуу кептерди айтышып, кетирген кемчиликтерин моюндарына алышып, эң башкысы — бири-бирин кечире билишкенин» белгилеген.

Сөзүнүн аягында президент кыргызстандыктарга кайрылып, «кечиримдүү болуу — улуу салт экенин» айтып, «ата-бабалардын наркында “атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” деген сөз бар экенин» эскерткен.

Буга чейин, 16-февралда, «Клооп» мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин күтүүсүз жерден абактан бошотулушу тууралуу эксперттер менен талкуу жүргүзгөн.

Анда алар өлкө башчысы «ар качан кечиримдүү болууга чакырганы менен, Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды тагылган айыптар күмөндүү экени айдан ачык экенине карабастан ырайым көрсөтүлбөй жатканына» көңүл бурушкан.

Аны менен катар, «Атамбаевдин бошотулушу — бул тактан кулатылган президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтарууга даярдык көрүү аракети болушу мүмкүн» деген пикирлер дагы айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров Бакиев баштаган мурдагы президенттер менен жолукту

Бакиевди сүйгөндөр күнү. Атамбаев эмнеге эркиндикке чыгарылган болушу мүмкүн?

Авторитаризм, саясий өлтүрүүлөр жана кландык башкаруу. Бакиевдин бийлиги кантип кулатылган?