Өлкө башчысынын басма сөз кызматы. Жапаров мурдагы президенттер менен өз каражатына жолукту

Президент Садыр Жапаров 18-февралда Кыргызстандын мурдагы жана бозгун президенттери менен Дубайда өз каражатына жолукту. Бул тууралуу Economist басылмасына Жапаровдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Анткен Жапаров Дубайга кайсыл учак менен барганы дагы белгисиз калууда.

Жапаровдун бозгун президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди чогултуп, баары менен «нейтралдуу жерде» жолукканы тууралуу күтүүсүз билдирүүнү президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев айтып берген.

Жапаров өзү «элдин түбөлүк ынтымагы үчүн мурдагы президенттердин башын бириктиргенин» билдирген.

«Албетте, биринин артынан бири келген мурдакы өлкө башчылары ачуу кептерди айтышты. Көкүрөгүндө жүргөн таарынычтарын төгүштү. Кетирген кемчиликтерин моюндарына алышты. Эң башкысы, алар бири-бирин кечире билишти. Менин да көздөгөн максатым ушул эле. Ой-кыялым - ошол ар бир президенттин аркасында турган тарапташтары, жалпы жети дубан калкыбыз, бир багытка баш коюп, саясатты таштап, бир дем менен улуттун өнүгүүсү, экономикасы деп ой жүгүртүү эле», — деп жазган Жапаров.

Дагы окуңуз: Садыр Жапаров Бакиевди азырынча Кыргызстанга алып келбейт — саясат талдоочу Дубнов

Атамбаев: Мага Жапаров жана Ташиев менен эле жолугасың дешкен