Садыр Жапаров Бакиевди азырынча Кыргызстанга алып келбейт — саясат талдоочу Дубнов

Борбор Азия боюнча саясат талдоочу Аркадий Дубновдун айтымында, бозгун президент Курманбек Бакиевди алып келүү жөнүндө сөз дагы болушу мүмкүн эмес. Бул тууралуу ал өздүк булактарына таянып Фейсбуктагы барагында жазды.

«Дубайдагы жолугушууну уюштурууга жакын болгон булактардын маалыматына ылайык, анын (Бакиевдин) кайтышы, ал тургай кандайдыр бир мунапыс же тийиштүү юридикалык, соттук процедураларсыз эле кечирүү жөнүндө сөз дагы болушу мүмкүн эмес. Ал жөнүндө президент (Садыр) Жапаров деле Бакиевге айтыптыр», — деп жазды Дубнов.

Эксперт Кыргызстандын мурдагы жана бозгун президенттеринин Дубайдагы жолугушуусунун өзүнө дагы токтолду. Бул жолугушууга тактан кулатылган эки президент Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев, экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков жана 14-февралда абактан бошотулган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышкан.

Дубновдун айтымында, бул жолугушуу «республиканын коомчулугун катуу дүрбөткөн». Ошол эле учурда Дубнов кыргызстандыктар Бакиевдин өлкөгө кайтып келүү мүмкүнчүлүгү колдоого алынбасын айтып жолугушууга нааразы болушканын кошумчалады.

«Кыргызстанда аны 2010-жылы кан төгүлгөнү үчүн кечире алышпайт. Бул жерде менин ага жеке өчүм бар экенин айта кетейин, анын иниси Жаныш Бакиев — чындап киши өлтүргүч, анда менин досумдун, 2009-жылдын 13-мартында муунтуп жана өрттөп өлтүрүлгөн белгилүү саясатчы Медет Садыркуловдун дагы каны бар. Мен анын өлүмүнө байланыштуу иш боюнча күбө болгом», — деп жазды Дубнов.

Эксперт өздүк булагына таянып, саясатчылардын жолугушуусу «төрт сааттан ашык убакытка созулуп, чандап эле эмоционалдуу болгонун» жазды.

«Жапаров Дубайга чейин бир нече апта ичинде кайсы бир деңгээлде төртүнчү жана бешинчи президенттерди — Атамбаев менен Жээнбековду жараштыра алганы белгилүү болду. Дал ушундан кийин алтоонун жолугушуусу мүмкүн болгон. Жапаров өзү, биздин маалыматка ылайык, чындап эле ымалага келүү ниетин көрсөтүүгө аракет кылып, аны жана жакын туугандарын президент болуп турган кезинде түрмөгө отургузган Атамбаевге кеги жоктугун билдирген», — деп билдирди саясат талдоочу.

Жапаров, Дубновдун айтымында, жолугушууга өзүнүн үзөңгүлөшү — УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен барган. Бул, экөө Кыргызстандагы, анын ичинде коңшулар менен тил табышып тышкы саясататтагы абалды көзөмөлдөп жатышканын көрсөтүшү керек болчу деп эсептейт Дубнов.

Дагы окуңуз: Садыр Жапаров Бакиев баштаган мурдагы президенттер менен жолукту

Атамбаев: Мага Жапаров жана Ташиев менен эле жолугасың дешкен