Ошто той кортежинде тапанчадан асманга карай аткан киши кармалды

Социалдык тармактарда жүрүп бараткан той кортеждин унааларынын биринде белгисиз киши тапанчадан аткан видеосу тараган. Окуя 12-сентябрда Ош шаарына караштуу Жапалак айылында болгону белгилүү болду.

Ошто унаада бара жатып терезеден асманга карай ок аткан жаран кармалды. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя 12-сентябрда орун алган.•"Интернет колдонуучусу тарабынан Фейсбукка видео жүктөлүп, анда бир жигиттин унаанын терезесинен асманга карай ок чыгарып, кыйкырып бара жатканын көрүүгө болот. Бул видео иликтенип, анда тапанча кармаган жаран 2000-жылы туулган М.М. экени аныкталды.•Белгилүү болгондой, окуя 12-сентябрда орун алган. Анда Ноокат районуна тойго бара жаткан жигиттердин арасынан бирөө Ош шаарына караштуу Жапалак айылынын чыга беришинде асманга карай ок атканы видеотасмага түшүп калган. Тапанча пневматикалык экени аныкталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Учурда кармалган жарандын иш-аракетине юридикалык баа берүү каралып жатат", - дешти мекемеден.➖➖➖➖➖@dailyinfo.kg

Posted by Daily24.Kg on Sunday, September 13, 2020

Тасмада жаш жигит «Мерседес» үлгүсөндөгү унаанын терезесинен чыгып, тапанчадан атып кыйкырып бара жатканын көрүүгө болот.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тасмадагы кишинин өздүгү аныкталганын кабарлады. Колго түшкөн 20 жаштагы кишинин жанында пневматикалык тапанча табылган. Милициядан ал ок чыгарган учурда тапанча октолгон эмес болгон деп билдиришти.

«Аталган жарандын иш-аракетине юридикалык баа берүү үчүн Ош ШИИБинин тергөө кызматы ишти карап жатат», — деп берилет милициянын билдирүүсүндө.

Мындан дээрлик бир ай мурун Ош облусунун Өзгөн районунда тойдо ок чыгарган киши кармалган. Ал эл чогулган жерде «Нурик, родной, бактылуу бол!» деп кыйкырып, белгисиз тапанчадан асманга карай аткан. Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгы бул окуяны «Ээнбаштык» беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүштү баштаган.