Президент Садыр Жапаров үч кишиге генерал-майор наамын ыйгарды

Президент Садыр Жапаров кезектеги жогорку атайын наамдарды ыйгаруу тууралуу жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу 21-февралда президенттик администрациядан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, Баткен ОИИБдин жетекчиси Мурат Бороновго милициянын генерал-майору наамы ыйгарылды.

Ошондой эле Тариел Абитовго да ушундай эле наам ыйгарылды. Абитов 2020-жылдын 20-ноябрынан тарта ИИМдин академиясынын жетекчиси катары айтыла баштаган. Ага чейин ал президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев негиздеген «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон.

Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков да «бажы кызматынын генерал-майору» болду. Исабеков 2022-жылдын башынан бери кайрадан аталган кызматта төрага болуп иштеп келет. Ал 2021-жылы 7-июнда ошол кездеги минкабдын төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалып, кийин 26-октябрда отставкага кеткен.

Аны менен кошо эки орун басары да «башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу» кызматтан бошогон. Исабеков тууралуу ачык булактарда маалыматтар аз. Бирок анын 1996-жылдан бери бажы органдарында, ар кандай ыкчам кызматтарда иштеп келе жатканы белгилүү. Ал «Клооп», OCCRP жана «Азаттык» радиосунун Кыргызстандан ири өлчөмдөгү акчаларды чыгарып кетүү тууралуу биргелешкен иликтөөсүнүн фигуранты.

Автору: Айгерим Белек кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын ыйгарды

Президент төрт кишиге генерал наамын ыйгарды

«Татыктууларга берилди». Президент мамлекеттик наам берүүгө карата сын-пикирлерге жооп берди