Самат Исабеков кайрадан Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Самат Исабеков кайрадан Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалганын билдирди.

Тиешелүү буйрукка минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Ал эми бажы кызматынын жамаатына минкабдын жетекчисинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев 20-январда тааныштырды.

Исабеков буга чейин, 2021-жылы 7-июнда ошол кездеги минкабдын төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалып, кийин 26-октябрда отставкага кеткен. Аны менен кошо эки орун басары да «башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу» кызматтан бошогон.

Исабеков тууралуу ачык булактарда маалыматтар аз. Бирок анын 1996-жылдан бери бажы органдарында, ар кандай ыкчам кызматтарда иштеп келе жатканы белгилүү. Ал «Клооп», OCCRP жана «Азаттык» радиосунун Кыргызстандан ири өлчөмдөгү акчаларды чыгарып кетүү тууралуу биргелешкен иликтөөсүнүн фигуранты.

Исабеков өлкөдөн миллиондорду чыгарып кетип жаткандарга көз жумганы үчүн Бажы кызматы коррупциялык жол менен миңдеген доллар алып жатканын айтып берген.

Ал эми буга чейинки Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековду УКМК 17-январда «Коррупцияга» шектеп кармаган. Атайын кызмат Бажы кызматынын жетекчилигинин катышуусунда «ири коррупциялык иштер боюнча маалыматтар алынганын» белгилеген.

Мындан сырткары, УКМКдан бажынын жетекчилиги «мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып, жеке баюу максатында» Тышкы экономикалык ишмердиктин субъектилери үчүн бажы кызматтарынын баасын ашыра баалаган деп билдиришкен.

Тема боюнча:

УКМК Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековду коррупцияга шектеп кармады

Матраимовдун бажы империясы