Президент төрт кишиге генерал наамын ыйгарды

Бакытбек Бекболотов / Таалайбек Өмүралиев / Уларбек Шаршеев / Марат Иманкулов

Президент Садыр Жапаров жогорку аскердик кызматтарды аркалаган төрт офицерге наамдарды ыйгарды. Бул тууралуу 7-сентябрда өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жапаровдун жарлыгына ылайык, жаңы дайындалган коргоо министри Бакытбек Бекболотовго генерал-майор, ал эми мекеменин мурдагы жетекчиси Таалайбек Өмүралиевге* генерал-лейтенант наамы ыйгарылды.

*Өмүралиев 6-сентябрда «башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу» кызматынан бошотулган.

Ошондой эле, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов генерал-лейтенант жана УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев генерал-майор наамдарына ээ болушту.

Жапаровдун тушунда генерал болгондор

Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан кийин биринчилерден болуп өзүнүн досу жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге генерал-лейтенант наамын ыйгарган. Ташиев ал кезде атайын кызматты жетектегенине төрт ай болгон.

Аны менен бирге Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Аскат Эгембердиевге генерал-майор наамдары берилген.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын март айында «Кой-Таш» окуяларында жарадар болгон Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалгынын башчысы Самат Курманкулов генерал-майор болгон. Ошол эле айда Каржы полициянын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев да генерал-майор болгон — Жапаров Жапыкеевге бул наамды Финпол жоюлганына бир күн калганда ыйгарган.

3-апрелде Баткен облусунун Бүжүм аскер полигонундагу аскердик машыгууларда Жапаров ошол кездеги Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Эрлис Тердикбаевге генерал-майор наамын ыйгарган.