Бишкекте уруксаты жок курулган көп кабаттуу үйлөргө мунапыс колдонулушу мүмкүн

Бишкекте мурда уруксаты жок курулган көп кабаттуу үйлөр мыйзамдаштырылышы мүмкүн. Бул тууралуу 21-февралда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин директору Талантбек Иманакун уулу билдирди.

Ал мунапыстын алкагында ар бир үй текшерилип, нормага ылайыктары гана мыйзамдаштырыларын айтты.

«Эртеңки күнү дагы бишкектиктер көптөгөн мыйзамсыз курулуштар жүрүп кетип, аларды токтото албай калбаш үчүн бул бир эле жолку аминистия болот. Садыр Нургожоевич дагы буга чейин салынып калган үйлөрдөн кишилерди эшикке чыгара албайбыз деп айткан. Нормага жооп берген үйлөрдү гана мыйзамдаштырабыз, андан кийин кимде-ким мыйзамсыз курулуш жүргүзө турган болсо жерин артка тартып алабыз же лицензияларын жокко чыгарабыз. Кыргызстанда мыйзамсыз деген сөздү унутушка барышыбыз керек болот. Бул акыркы мунапыс болот, андан ары мыйзамсыз курулуш болбошу керек», — деди Иманакун уулу.

Ал Кыргызстанда мыйзамсыз курулган 87 үй бар экенин, алардын ичинен 34ү Бишкекте экенин кошумчалады.

Тема боюнча: Бир эле үйдүн туруктуулугун текшерүүгө 200-300 миң сом керектелет — Курулуш институтунун директору