Бишкек: Бир бөлмөлүү батирдин ижарасы эки эсе түштү. Орусиялыктар үй сатып ала баштады

Алматыдагыдай батирдин ижара акысы кескин арзандаган абал Бишкекке да жетти. Муну «Клоопко» борбор калаадагы кыймылсыз мүлк рыногунда иштеген үч риэлтор бышыктады.

Орто эсеп менен Бишкекте күздөн бери батирлердин ижара акысы 40-50%га арзандады, бул коңшу Казакстандыкынан да көп. Ал эми алып-сатуу рыногу, тескерисинче, кымбаттады. Акчалуу качкындар каражатын батир сатып алууга жумшай баштады: согуш качан жана эмне болуп бүтөрү белгисиз.

Ижаранын арзандаганын мобилизациядан качкан орусиялыктар массалык түрдө Бишкекке көчүп келе баштагандагы батирге болгон кымгуут суроо-талап азайганы менен байланыштырып жатышат. 2022-жылдын сентябрында шаардын чет жакасындагы бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы 40 миң сомго чыгып кеткен.

Жарыя чыгарган сайттарга ишенсек, ушул тапта шаардын четинен 20-25 миң сомго бир бөлмөлүү батир тапса болот. Бул маалыматты «Клоопко» кыймылсыз мүлк агенттиктери да тастыкташты.

«Былтыркыга салыштырмалуу айырма билинет. Бир бөлмөлүү батирдин ижарасы орусиялыктар келгенге чейинки баасына (анда 16 миң сомдун тегереги болчу) түшкөн жок. Азыр андай баа жок. Бирок Бишкектин тегерек четиндеги бир бөлмөлүү батирлердин ижарасы 20-25 миң сомго, борборго жакын жерлерде 30 миң сомго чейин түштү», — дейт Danis кыймылсыз мүлк агенттиги.

Ага карабастан, Бишкектеги айрым ижара ээлери бир бөлмөлүү батирдин акысын 70 миң сомдун айланасында кармап турат.

«Азыр үй ээлери эки жаатка бөлүнүп алды. Кээ бири орусиялыктар дагы келет деп бааны кымбат бойдон кармап жатышат. Экинчиси арзандаганына ынанып, адекватуу бааларды коё баштады», — дейт маектешибиз.

Ал эми бааны түшүргүсү келбегендер куржалак калып, батирлери бош турат.

«Азыр сырттан келгендер этияттап калды. Күзүндө көрсөткөн эле батирге кирип жашап жатышкан — дейт риэлтор. — Азыр алар биздеги баалар менен таанышып, этия болуп калышты. Аларга деле силер келгенге чейин мындай баалар жок болчу, азыр эле ушундай болуп калды деп айтып жатышат да».

Келечегин ойлоп батир сатып ала башташты

Турак жайды ижарага алуудагы кымгууттук жоюлганы менен сатуу-сатып алуу рыногунда пайда болду. Сатып алуучулардын арасында Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар да жана буга чейин Кыргызстанга эч бир тиешеси болбогон орусиялыктар дагы бар. Алардын айрымдары Бишкектен батир сатып алыш үчүн Орусиядагы үйлөрүн сатып жатышат.

«Акчасы барлар келечекти ойлоп бул жактан батир алып жатышат. Бул жактан батир сатып алып чет өлкөгө кеткен орусиялыктын батирин башка орусиялык ижарага алып жашап калган учурлар дагы кездешет […] Сатылып аткан батирлерге суроо-талап чоң. Батирлер бат алынып, бат сатылууда», — дейт биздин Danis’теги маектешибиз.

Батир сатып алабыз деген орусиялыктар көп болуп жатканын «Клоопко» Avalon кыймызсыз мүлк сатуу агенттигинде иштеген Элдар Каюмов дагы тастыктады.

«Орусиялыктар ижарадан көрө турак жай сатып алганга өтүштү. Былтыр ноябрда 106-сериядагы үйдөгү эки бөлмөлүү батирдин ижарасы 1500 миң долларга (131 миң сомго) чыккан. Алар дагы акча турса ижарага алып эмне кылат дегенди түшүнүштү. Ошентип акчаларын кыймылсыз мүлккө салууга өтүштү», — дейт Каюмов.

Ал суроо-талаптын көп болуп жатканы бааларга да таасир этти дейт: үйдүн бир чарчы метри былтыркыга салыштырмалуу 20-30%га кымбаттады.

«Мурда ремонту бар элиткада бир чарчы метр 1000 доллар, ал эми эски үйлөрдө 800-850 доллар (70-74 миң сом) турчу. Азыр эски типтеги панель үйлөрдө ремонту бар батирдин бир чарчы метри 1400 долларга (122 миң сомго) чыкты. Ал эми ремонту жок болсо, 1000-1100 долларга (87 миң сом) чейин. Баары районго жараша», — дейт ал.

Бир чарчы метр үчүн баанын жогорулашын Каюмов курулуш материалдарынын кымбатташынан көрөт. Бишкекте батирлерди сатуу жөнүндөгү жарыяларды чыгарган сайттарда ремонту жаңы бир бөлмөлүү батирдин бир чарчы метри 1000 доллардан же андан төмөн деген жарыялар өтө көп.

Орусияда мобилизация башталганы тууралуу кабар тарагандан кийин ага коңшулаш мамлекеттерде батирлердин ижара акысы асмандап кеткен. Борбор Азиянын чоң шаарларында ижара акынын көтөрүлүшүн согуштан качкан Орусиядагы эркек кишилердин массалык агымы менен байланыштырышкан.

Дагы окуңуз: Бишкектин айланасында бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы 40 миң сомго чыкты

Бишкекте батирдин ижарасы канчага чейин өсөт? Экономисттер менен риэлторлор жооп берет