Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды

20-февралда эки берене боюнча айыпталып камакка алынган экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун абактагы мөөнөтү апрелдин аягына чейин узартылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Айбек Өмүров «Азаттыкка» 23-февралда билдирген.

Адвокаттын айтымында, Биринчи май райондук соту Разаковдун бөгөт чарасын карап 24-апрелге чейин абакта калтыруу чечимин кабыл алган.

26-январда мурдагы вице-премьер «Алдамчылык» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча шектөө менен кармалып, бир айга камалган.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2022-жылдын 20-сентябрында «Б.А» аттуу жаран Разаковдун үстүнөн арыз жазган. Ал өз арызында «2017-жылдын ноябрь-декабрь айларында Жеңиш Разаков кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик жүргүзөбүз деп 1 млн АКШ долларын алып, бербей койгонун» айткан.

Kaktus.Media басылмасы Разаковдун кармалышына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президент Садыр Жапаровдун жардамчысы болгон Арзыбек Буркановдун арызы себеп болгонун жазган.

Жеңиш Разаков

Разаков буга чейин ички иштер органдарында иштеген. 2011-2012-жылдары Баткен ОИИБин жетектеп, андан соң облус башчысы да болгон.

2016-жылы ал вице-премьер болуп дайындалган. Андан соң Коопсуздук кеңешинин катчысы, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болгон. Ал эми 2018-жылы кайрадан вице-премьер кызматына кайткан — Разаков укук коргоо блогу жана чек ара маселелерин караган.

Бирок 2020-жылдын башында ал өз каалоосу менен кызматынан кеткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ Жеңиш Разаков эки берене менен кармалып, бир айга камалганын билдирди

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматынан бошотулду

«5 млн сом компенсация». Журналист менен активист Жеңиш Разаковду сотко беришти