Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ташиевдин компьютер бергенин билген эмес

Тынычбек Усенов жана Камчыбек Ташиев

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузактагы мектепке компьютер бергенин «төгүндөгөн» соң өз арызы менен иштен бошоп кеткен кызматкер боюнча Билим берүү министрлиги үн катты.

Министрликтин басма сөз катчысы Нуржигит Мырзабеков «Клоопко» райондогу №85 «Ынтымак» мектебине Ташиевдин атынан жана Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен алынган компьютерлер берилгенин билдирди. Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов атайын кызматтын төрагасы дагы компьютер тапшырганынан кабардар болгон эмес.

Мырзабековдун айтымында, №85 «Ынтымак» мектебине райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен алынган 10 компьютер убактылуу колдонууга берилген.

Ошол эле учурда мектептин директору Карачач Боржуева УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге компьютер алып берүүнү суранып кайрылганына байланыштуу Ташиев дагы мектепке жаңы 10 компьютер белекке берген.

«Бул компьютерлердин келгенин Тынычбек Усенов билбейт экен. Билбегени үчүн “биз 10 компьютер бердик” деп айтып койгон экен. Учурда директор “райондук бөлүмдөн убактылуу берилген компьютерлерди иштете элекпиз, Ташиевдикин алып иштетип атабыз, тигини эми алып кетишет” деп жатат. Ал эми Усенов менен байланышканымда “өзүмдүн арызым менен эле жумуштан кеттим” деди, сүйлөшүү кыскача болду, өзүнүн чечими экенин билдирди», — деп билдирди басма сөз катчы.

Ал эми «Клооп» кызматтан «өз каалоосу менен кеткени» айтылган Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов менен байланышууга аракет кылып, бирок андан майнап чыккан жок.

Буга чейин, 4-февралда, соцтармактарда Сузак районундагы №85 «Ынтымак» мектебинин директору Карачач Боржуеванын видеосу тараган.

Анда ал Камчыбек Ташиев үй-бүлөлүк фондунан мектепке 10 компьютер алып бергенин билдирген. Ал атайын кызматтын башчысына ыраазычылык билдирип, «сизди уят кылбайбыз» деп айткан.

Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов журналисттерге аталган компьютерлер «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен алынганын билдирген. Ал бул иште «Ташиев тууралуу сөз жок экенин» белгилеген.

Бир канча күндөн кийин, 17-февралда Тынычбек Усенов кызматтан кеткени белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сузак: Ташиев мектепке компьютер алып бергенин төгүндөгөн кызматкер иштен кетти