Видео: ӨКМдин Түркияга кеткен куткаруучуларынын экинчи тобу кайтып келди

Түркиядагы зилзаланын кесепетин жоюуга жардам берген кыргыз куткаруучуларынын экинчи тобу Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу 23-февралда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан гүл көтөрүп жакындары жана кесиптештери тосуп алды. Аларды бул ирет дагы оркестрдин коштоосунда даам сызып өтүштү.

Кыргызстандан Түркияга жалпы 182 адам жөнөтүлгөн. Анын ичинде 6 дарыгер, боз үй тигүү үчүн 5 адам бар, калганы ӨКМдин куткаруучулары . Алар Түркияда 12 күн болуп, урандылардын алдынан 198 адамдын сөөгүн алып чыгышкан. ӨКМдин куткаруучуларынын биринчи тобу өлкөгө 21-февралда кайтып келген.

6-февралда Түркиянын Сирия менен чек арасында күчү 7 баллдан ашкан катуу эки жер титирөө болгон. Жер титирөө Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым аралыктагы жерде болгон.

Табият кырсыгынан каза болгондордун саны эки өлкөдө тең 21-февралга карата 47 миң адамдан ашып, дагы жүздөгөн адам жабыркады.