«Жөлөк пул да албайт». Баткендеги куралдуу жаңжалда жарадар болгон төрт балалуу аял жардамга муктаж

Өткөн жылы Баткендеги кыргыз-тижик чек арасындагы куралдуу жаңжалда ок тийген Максат айылынын 38 жаштагы тургуну Мухаббат Рахмонбердиева жардамга муктаж. Анын азыркы абалынан «Бишкек24» басылмасы кабар алган.

Рахмонбердиева ушул тапта ата-энеси жана төрт баласы менен Бишкектин Ак-Жар конушунда батирде жашайт. Өткөн жылы куралдуу жаңжалдан качып келе жатканда снаряд жарылып, күйөөсү каза тапкан. Ал эми өзү бутуна 4 жолу операция жасатып, төшөктө.

Мухаббаттын атасы Турдикул Рахмонбердиев күйөө баласы каза болгондон бери кызы төрт баласы үчүн жөлөкпул албай калганын айтат. Учурда каражат жоктугунан неберелери мектепке барбай калышты.

«Кызымдын сол бутуна эки жолу ок тийип, сөөктү сындырып, жарадар болуп калып кеткен. ӨКМдин аскерлери бара албай, эки күндөн кийин айылдын эркектери барып алып чыкты да. [...] Кызым төшөктө, апасы экөөбүз карайбыз. Азыр буларга үй керек да, төрт жаш баласы бар», — деп кызынын абалын баяндап берди ал.

Рахмонбердиев кызы талма оорусу менен каттоого алынып, 3 миң сом жөлөкпул аларын кошумчалады. Бирок, ал каражат үй-бүлөнүн жашоосуна жетпейт.

«Үй-бүлөсүндө иштеп, акча таба турчу эч ким жок. Үйү Максат айылында, чек ара менен чектешкен жерде. Былтыр бузуп, жаңылайбыз деп дубалын тургузуп, чарытын жапкан бойдон калып кетти. Ал жерге жашоого мүмкүнчүлүгү жок. Бир нерсе болсо, майып, балдарын алып кача албайт», — деди ал.

Мухаббат Рахмонбердиевага жардам берүүнү каалагандар төмөнкү банктык эсепке каражат которсо болот:

  • Элкарт — 9417 0894 4120 5268 (Турдикул Рахмонбердиев);
  • Элкарт — 9417 0894 4061 2324 (Мухаббат Рахмонбердиева);
  • Байланышуу үчүн телефон номери: 0222 94 26 26 (атасы).

Чек арадагы куралдуу жаңжал

2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Куралдуу жанжал учурунда Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарда жашаган 130 миңден ашуун адам үйүн таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 83 киши экенин жазган.

Минкабдын маалыматына ылайык, жаңжалдын кесепетинен Баткенде 661 үй жабыркаган, алардын 423ү жашоо үчүн жараксыз абалда, ал эми 238и ремонтко муктаж. Ошондой эле 14 мектеп, беш саламаттык сактоо мекемеси, 15 административдик мааниге ээ имарат, бир көпүрө, 197 турак-жай, 337 сарай жана 61 автоунаа талкаланган.

22-сентябрда президент Садыр Жапаров суук түшкөнгө чейин кыска убакытта жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүнү, ал эми толугу менен кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын курууну тапшырган.

Бирок баткендиктер бийлик бүгүнкү күнгө чейин алардын үйлөрүн калыбына келтирип бере электигин айтып нааразы болушууда. Калыбына келтирүү иши жай болуп атканы парламентте да айтылып, курулуш компаниясын текшерүү керектиги белгиленген. Буга Мамкурулуштун мурдагы башчысы Нуртажин Жетыбаев бийлик «Аманат Курулуш Инвесттин» директорун таппай жатат деп жооп берген.

2023-жылдын январь айынын орто ченине карата бийлик кыйраган 400 үйдүн 45ин гана куруп бүткөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чек арадагы куралдуу жаңжал. Жабыркаган ишкерлерге 300 миң сомдон кенемте төлөнөт