Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Куланак ГЭСин жана цемент заводун курууга 89 млн доллар берет

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун кеңеши Кыргызстан үчүн стратегиялык жактан маанилүү делген эки долбоордун курулушуна 89 млн доллар бөлүп берүүнү чечти. Бул тууралуу Фонддун сайтында айтылат.

Маалыматта каражаттын 44 млн доллары Нарындагы кубаттуулугу 100 мегаватт «Куланак» ГЭСин курууга бөлүнөрү айтылат. Фонддон «ГЭСтин ишке кириши Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана өлкөдөгү энергетикалык тартыштыкты 18%га азайтууга өбөлгө болорун, ошондой эле курулуш башталганда 770, кийин, объект эксплуатацияга берилгенде 97 жумуш орду түзүлөрүн» айтышты.

Буга чейин долбоордун жалпы баасы 117 млн 989 миң долларды түзө турганы маалымдалган. ГЭСтин курулушун каржылоого Евразия өнүктүрүү банкы да кошулаары айтылган.

Фонддон калган 45 млн доллар Чүй облусунда жаңы цемент заводун куруууга бөлүнөрүн билдиришти. Завод жылына 1,5 млн тонна цемент чагарары, ал жылдык импорттун 47 млн доллардан ашыгын жабууга мүмкүндүк берери белгиленди. Заводдо 450 жаңы жумуш орду түзөт деп күтүлүүдө.

Фонд мындай ири стратегиялык долбоорлор биринчи жолу каржыланып жатканын, бүгүнкү күндө аталган сумма фонд үчүн рекорддук каржылоо экенин белгиледи.

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду 2014-жылдын 24-ноябрынан тартып иштеп баштаган. Ал ишкерлерге ЕАЭБдин шарттарына ылайыкташууга көмөк көрсөтүүт жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жардам берүү үчүн негизделген. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Фонд 480,4 млн доллар насыя берген. Насыялар көбүнесе айыл чарба жана өндүрүш тармактарына берилген.