«Озодлик»: Орусияда «Вагнер» тарабында согушкан борбор-азиялыктардын көрүстөнү табылды

«Азаттыктын» өзбек кызматы — «Озодликтин» журналисттери Москва облусундагы көрүстөндөрдүн биринен «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын курамында, Украинадагы согушта Орусия тарапта салгылашкан аскерлер массалык түрдө көмүлгөн мүрзөнү аныкташты.

Журналисттердин маалыматы боюнча, каза тапкандардын бардыгы Орусиянын абактарында жаза өтөп жаткан жеринен согушка тартылгандар. Көмүлгөндөрдүн тизмесинен журналисттер кыргызстандыктарды жана өзбекстандыктарды табышкан.

«Москва облусунуна караштуу Щелково районунунун “Маврино” айылындагы көрүстөндө пайда болгон мүрзөлөрдө ЧВК “Вагнердин” эн белгиси жана желектер коюлган. Андагы ар бир көргө эркектер көмүлүп, тактага жалданма аскердин аты-жөнү чегилген. Такталардагы маалыматка таянсак, маркумдар 2022-жылдын октябрынан 2023-жылдын январына чейинки аралыкта кайтыш болгон», — деп билдиришти журналисттер.

«Озодлик» көмүлгөндөрдүн айрымдарынын тек-жайын аныктаган. Алардын бири Кыргызстанда туулган Адахамжон Гуламжанов. Журналисттер маркум 2019-жылы абакка түшкөндөн мурда Владимир облусунда жашап жүргөнүн такташкан.

«2019-жылдын февралында Владимир облустук соту Гуламжановду ири өлчөмдө баңгизат сатууга айыптап, 12 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кескен», — деп билдиришти алар.

Көрүстөндө аты жазылган дагы бир кыргызстандык — Аман Айдралиев деген киши. «Озодликтин» маалыматы боюнча, Айдралиев 2020-жылдын июнунда денеге оор залал келтиргени үчүн узак мөөнөткө кесилген.

Кыргызстандыктардан тышкары журналисттер тажикстандык жана өзбекстандыктардын дагы мүрзөлөрүн табышкан.

«Жергиликтүү тургундар “Маврино” айылындагы мүрзөнү өздөрүн аскербиз деген жарандык кийимчен кишилер кайтарып атканын айтышты. Жергиликтүүлөр “Озодликтин” кабарчысына ал мүрзөнүн аймагын сүрөт же видеого тарткандардын ар бирин токтотуп, текшерет деп айтышкан. Алардын айтымында, жарандык кийимчен кароолчулар адамдар эмне үчүн мүрзөнү сүрөткө тартып жүргөндөрүн сурап, алардын жеке маалыматтарын жазып калышат», — дешет журналисттер.

Акыркы бир нече айдан бери ЖМКда ЧВК “Вагнердин” катарына тартылып, орус аскерлери менен Украинадагы согушка катышып жаткан же каза болгон Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары тууралуу маалыматтар көп чыга баштады. Азыркы тапта Орусия түрмөсүндө жазасын өтөп жүрүп, Украинадагы согушта каза болгон төрт кыргызстандык белгилүү болду.

Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүп өтөп жаткан кыргызстандыктардын айтымында, «Вагнердин» өкүлдөрү келип, согушка азгырууга аракет кылышкан. Алар соттолгондорго жарым жылдык келишим сунуштап, айына 200 миң рубль төлөп берүүгө убада берип жатышат.

«Вагнерден» келишим соңуна чыкканда ыктыярчылардын соттуулугу толугу менен жоюлуп, эркиндикке чыгарын убадалашат. Бирок бир кыргызстандык «Вагнердин» катарына кошулуп, кийин акталып чыккан бир дагы адамды көрбөгөнүн айткан.

Кыргызстандын ТИМнин маалыматына ылайык, Орусиянын абактарында 1 077 кыргызстандык жазасын өтөп жатат.

Дагы окууңуз: «Азаттык»: «Абактагы балам согушта экен». «Вагнердин» торуна түшкөн кыргыз жарандары