«Вагнер». Орусиянын түрмөсүндө жаткан дагы бир кыргызстандыктын сөөгү согуштан келди

Эрлан Эрмеков. Сүрөт: «Азаттык» басылмасы

Орусиянын түрмөсүндө отуруп «Вагнердин» тузагына илинген дагы бир кыргызстандыктын сөөгү согуштан келди. Бул тууралуу «Азаттык» үналгысы 22-февралда жазды.

Маалыматка караганда, маркум 30 жаштагы Эрлан Эрмеков — үй-бүлөсүндө жалгыз бала болгон. Анын согушка тартылганы тууралуу апасы Гүлнара Закирова февраль айынын башында эле «Азаттыкка» айтып берген.

Закирова баласы бейкүнөө соттолгонун айтып, анын аман-эсен келишин тиленип отурган. Тилекке каршы 20-февралда ал уулунун каза тапканын уккан.

«Мен бүгүн баламдын өлгөнүн уктум. Балам 6-февралда өлгөн экен, азыр угузушту. Башка балдарды сактап калганга аракет кылгыла. Түрмөдөгү башка балдарды согушка жөнөтпөш керек. Жалгыз баламдан айрылдым, мендей бир дагы эне боздобосун, балдарды сактап калгыла», — деди жалгызынан айрылган эне.

Эрмековдун сөөгү Ош облусунун Араван районунда жерге берилди.

Түрмөдө жатып сөөгү согуштан келген кыргызстандыктар

Эрлан Эрмеков — Орусиянын Украинага ачкан согушунан сөөгү келгени белгилүү болгон 4-кыргызстандык. Буга чейин Орусияда абакта жатып, Украинадагы согуштан сөөгү келген Кыргызстандын жарандары Замир Чолоев, Аян Алишеров жана Янгибай Рахимов тууралуу белгилүү болгон.

Алар орус армиясы 2022-жылдын жай мезгилинен бери басып алууга аракет кылып жаткан Украинанын Бахмут шаарында каза табышкан.

30 жаштагы Алишеровдун туугандары ЖМКга маркум Орусиянын курамына кирген Мордовия республикасындагы колонияда жаза өтөп жатканын айтып беришкен. Иниси менен акыркы жолу сүйлөшкөндө Алишеров колонияга «Вагнер» ЧВКсынан келишкенин айткан. Сүйлөшүүдө маркум согушка баруу ниети тууралуу айткан эмес, бирок андан кийин жакындары менен байланышпай калган.

Тывада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 40 жаштагы Янгибай Рахимов эки жыл мурда Орусияга иштегени кеткен. Ал такси айдап иштеп жүргөн кезде — 2022-жылдын жай мезгилинде баңгизат менен кармалып, 5 жарым жылга кесилген.

Бир тууган агасынын айтымында, өлгөндүгү тууралуу маалымкатта инисинин өлүмүнүн себеби «аскердик операция учурундагы жардыруу» деп жазылган. Ал инисинин ал жакка кимдер менен барганын так билбейт.

Украинага кол салууга «азгыруу»

Өткөн жылдын июнь айында «МедиаХабдын» журналисттери Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын, анын ичинде кызгызстандыктарды «Вагнер» жеке менчик аскердик компаниясы (ЧВК) аркылуу Украинадагы согушка азгырып жатканы тууралуу иликтөө жарыялаган.

*ЧВК «Вагнер» же «Вагнердин тобу» — расмий эмес куралдуу түзүм. Орусиялык ЖМКлар аны жеке менчик аскердик компания деп аташат. The Bell басылмасынын маалыматына ылайык, аны Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги жашыруун көзөмөлдөйт.

Иликтөөчү журналисттер кыргызстандык соцтүйүндөрдө Орусияга жеке күзөт кызматына жумушка кабыл алуу тууралуу жарыялар пайда болгонун, жарыяда көрсөтүлгөн номерлерге байланышканда, «приоритеттер алмашканына байланыштуу» күзөт кызматына жумушчулар алынбай калганын айтканын билдиришкен.

Ордуна башка жумуш — «Украинадагы атайын операция жүрүп жаткан аймакта тапшырмаларды аткарууну» сунуштаган.

Телефон номерлерди идентификациялоочу кызмат ал номер ЧВК «Вагнер» деп катталганын көрсөткөн. Молькино деп аталган аймакта ЧВК «Вагнердин» базасы жана азгырык пункту жайгашканын Орусиялык ЖМКлар да жазышкан.

2022-жылы 30-декабрда Donday басылмасы Орусиянын Ички иштер министрлиги Украинанын аннексияланган Луганск облусундагы «Вагнер» машыгуу лагеринен качып кеткен алты жалданма аскерге издөө салганын жазган.

Анда качкандар машыгуу борборуна келгенге чейин Орусияда камакта жаткан кыргыз, беларус, орус жана үч өзбек жараны экени айтылган. Басылма соттолгондор 21-22-декабрда качканын билдирип, аты-жөнүн маалымдаган эмес. Аны менен катар, качкан алты киши куралчан жана кооптуу экенин белгилеген.

Орусиянын «Русь сидящая» укук коргоо уюмунун башчысы Ольга Романова Орусияда абакта отургандарды Украинадагы согушка тартуу жаңы деңгээлге чыкканын айткан. Ал абактагыларды согушка ошол эле «Вагнер» жеке менчик аскердик компаниясы тартып жатканын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Азаттык»: Украинага «Вагнер» аркылуу согушка кеткен дагы бир кыргызстандыктын сөөгү келди

«МедиаХаб»: Орусияда абакта жаткан дагы бир кыргызстандыктын сөөгү Украинадагы согуштан келди

«Супер Инфо»: Орусияда абакта жаткан жигиттин сөөгү Украинадагы согуштан келди

Укук коргоочу: Орус абактарынан Украинадагы согушка биринчи кезекте борбор азиялыктар тартылууда