Балбандар Акматалиев менен Жумашбек уулу Египетте өткөн мелдеште алтын медаль утушту

Эрназар Акматалиев менен Тайырбек Жумашбек уулу Египетте өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Ibrahim Moustafa рейтингдик мелдешинде алтын медалга ээ болушту.

Акматалиев 70 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Финалда АКШдан келген спортчуну 10:0 эсебинде жеңди.

Жумашбек уулу 61 кг чейинки салмакта күч сынашты. Финалдык кармашта украиналык балбанды 9:2 эсебинде жеңди.

Ошону менен Кыргызстандын улуттук курамасынын куржунунда үч алтын медаль болду. Биринчи алтын медалды 70 кг чейинки салмак категориясында күрөшкөн Айсулуу Тыныбекова жеңип алган.

Буга чейин Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы командалык эсепте үчүнчү орунга ээ болуп, эл аралык мелдештеги оюндарын жыйынтыктаган болчу.