Коргоо министринин орун басары армияда «дедовщина» жок деп кепилдик бере аларын айтты

Коргоо министрлигинин башчысынын биринчи орун басары Алмазбек Карасартов кыргыз армиясында «дедовщина» жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.


«Кыргыз армиясында “дедовщина” жок деп кепилдик бере алам. Бирок тилекке каршы кичине аскертип тартипти бузууга жолдор болуп жатат. Бул боюнча Коргоо министрлигинин Тарбия башкармалыгынын башчысы чоң жумуштарды алып барып жатат», — деп билдирди ал.


Жыйын учурунда депутаттардын бири армияда каза тапкан аскерлердин өлүмү тууралуу сурады. Карасартов алар боюнча иликтөөлөр жүрүп, өлүмдөр аскер кызматкерлеринин «үй-бүлөдөгү шарттары» менен байланыштуу деген жыйынтыктар чыккан деп жооп берди. Анын айтымында, аскерлердин өлүмү катталган аскер бөлүктөрүнүн командирлери жоопкерчиликке тартылган, бирок ал кандайдыр бир сандарды келтирген жок.

Укук коргоочу уюмдар кыргыз армиясында адам укуктары сакталбасын, ал жерде бүгүнкү күнгө чейин «дедовщина» жана зомбулук өкүм сүрөрүн айтып келишет. Андан тышкары, жыл сайын армияда өз жанына кол салган учурлар катталат.

Акыркы жолу мындай чуу жараткан окуя өткөн жылдын июлунда Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү абак жайында болгон. Анда Калыс Абдыкабылов деген аскер каза тапканы белгилүү болгон. ЖАКтын версиясы боюнча, аскер кысматкери өзүн өзү атып алган. Бирок жоокердин туугандары ал өзүнө кол салды деген версияга ишенбейт.