Лейлек: Салык кызматкери кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын Баткен облусунун Лейлек району боюнча башкармалыгынын башкы инспектору «кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип кармалды. Бул тууралуу 28-февралда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү пландуу текшерүү учурунда ишканага мамлекетке түшчү «өзгөчө ири өлчөмдөгү» салыктын көлөмүн азайтууга көмөктөшкөн.

«Ал кышкы дизелдик күйүүчү майга болгон акциздик салыктын ставкасын эске албай, бир тоннасы үчүн 5 миң сом эмес, 400 сом деп көрсөткөн. Анын кесепетинен өлкөнүн бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген», — дешти атайын кызматтан.

УКМКдан шектүү келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтуруп бергенин белгилешти. Азыркы тапта бул ишке салык кызматында иштеген башка да кызматкерлердин тиешеси бар-жогу аныкталып жатат. Ал эми шектүүдөн салыктын өлчөмүн азайтууну суранган ишкананын өкүлдөрүнө чара көрүлөт.

Буга чейин, 25-январда мамлекеттик бюджетке 52 миллион сомдон ашык зыян келтирүүө шектелип ссалык кызматынын өкүлү кармалган. Ал салык органдарына башка бир адамды жеке ишкер катары жасалма каттоодон өткөрүп, андан соң анын атынан көмүскө экономикалык иштерди жүргүзгөнү белгилүү болгон.

Автору: Айгерим Белек кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Мамбюджетке 52 млн сомдон ашуун зыян келтирүүгө шектелген салык кызматкери кармалды