Энергетика министрлиги жана британиялык MINDDOCK LIMITED DBA Enterprise Energy Investments компаниясы Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу 1-мартта министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптар меморандумга ГЭС каскадын куруу боюнча долбоорду биргеликте ишке ашыруу үчүн өз ара түшүнүшүү максатында кол коюшту.
«Меморандум кол коюлган күндөн тартып 2023-жылдын 15-апрелине чейин күчүндө болот. Эгерде тараптар меморандумга ылайык, милдеттерди аткарбаса, көрсөтүлгөн күнү автоматтык түрдө күчүн токтотот», — деп белгилешти министрликтен.
Ал эми энергетика министри Таалайбек Ибраев электр энергиясын колдонгондордун саны өсүп жатканын айтып, ГЭС каскадын куруу электр энергиясына болгон тартыштыкты жоюунун бир бөлүгү экенин билдирди.
Министрликтен Жогорку-Нарын ГЭС каскады өзүнө 4 гидроэлектр станциясын (Акбулуң, Нарын-1,2,3) камтый турганын белгилешти. Алардын жалпы кубаттуулугу 237,7 МВт болсо, жылдык орточо иштеп чыгуусу 942,4 млн кВт/с түзөт.
Жогорку Нарын ГЭС каскады
Жогорку Нарын ГЭС каскады — кыргыз өкмөтүнүн узак мөөнөттүү энергетикалык долбоору. Анын курулушу Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде, 2012-жылы «РусГидро» менен биргеликте башталган. Долбоор ишке аша баштагандан бир нече жыл өткөндөн кийин курулуш бүтпөгөндүктөн кыргыз өкмөтү орусиялык компания менен болгон келишимден чыгып кеткен.
Атамбаевдин айтымында, кыргыз бийлиги «Орусияда экономика жана күйүүчү майга баа төмөндөп кеткендиктен» мындай кадамга барууга аргасыз болгон. «РусГидро» келишимдин жокко чыгарылганына жооп кайтарып, долбоорго салынган 37 млн долларды кайтарып берүүнү талап кылган.
Ошондон кийин кыргыз бийлиги «РусГидронун» чыгымын жаап, анын ичинде ГЭСтин курулушун бүтүрүп бере турган инвесторлорду издей баштаган. 2017-жылы долбоорго Чехиянын Liglass Trading компаниясы кызыгып, бирок келишим үзгүлтүккө учураган, себеби инвестор Кыргызстандын «РусГидронун» алдындагы карызын өз убагында төлөп бере албай калган.
2018-жылы ноябрда «РусГидро» компаниясы Кыргызстанды Гаага сотуна берип, бир айдан кийин өзүнүн «Жогорку Нарын ГЭС» ЖАКтагы бардык үлүштөрүн 2,5 млн сомго сатаарын билдирген.
2019-жылы «РусГидронун» жетекчилиги азырынча ГЭС каскадынын курулушуна улантуу үчүн келе албай турганын айтышкан. Бирок, инвесторлорду табууга жардам берерин белгилешкен.
ГЭС каскадын курууда чыккан чыр
«РусГидро» Кыргызстандан 37 млн долларды кайтарып берүүнү талап кылганда, 2016-жылдын февралында парламенттин депутаттары курулуштун жүрүшү менен таанышууну чечишкен.
Курулуп жаткан объекттерди көргөн эл өкүлдөрү аткарылган иштерге 37 млн доллар кеткенине ишенбей, долбоордун реалдуу баасы кымбаттатылганы жөнүндө айтып чыгышкан.
«Клооптун» журналисттери «Жогорку Нарын ГЭС» ЖАКтын 29 тендердик документин изилдеп чыгып, Кыргызстан менен «РусГидронун» биргелешкен ишканасынын келишимдери дайыма бир күндүк фирмаларга же «РусГидронун» туунду компанияларына өткөрүлүп берилип турганын аныкташкан.
Мисалы, ГЭСтерди куруу боюнча тендерлердин бирөөсүн Орусиянын «ЛенГидроСтрой» компаниясы жеңип алган — бул «РусГидронун» туунду ишканасы. Компания өз кызматы үчүн канча акча алгандыгын көрсөткөн так сан жок. Ар кандай баалар боюнча, «ЛенГидроСтройдун» тендерден тапкан кирешеси 117,6 миллиондон 669 млн сомду түзө алмак.
ТЕМА БОЮНЧА: