Бишкекте эркек киши аялын кууп жүрүп сабады, териштирүү башталды

1-мартта соцтармактарда эркек киши аялды кубалап жүрүп сабаган видео тарады. Видеонун автору жубайлар урушуп кеткенин айткан. Аял күйөөсүнөн Honda Fit унаасы менен качып бара жатканда киши унаанын үстүнө чыгып жатып алып, жол кырсыгы катталган. Милиция бул факты боюнча териштирүүнү баштады.

Эскертүү! Видеодо үрөй учурган кадрлар бар.

Маалыматка караганда, окуя Профсоюзная көчөсүндө болгон. Видеодон көрүнгөндөй, аял унааны башкарып бара жатып, арыкка түшүп, мамыны сүзгөн. Ал эми унаанын үстүндө жаткан киши ыргып кеткен.

Кырсыктан кийин аман калган киши качып бара жаткан аялдын артынан жетип, аны ур-токмокко алган. Аял жардам сурап кыйкырып, ошол жердеги адамдар жана видеонун автору аларды бөлүштүрүп калган.

Ошол эле окуя боюнча экинчи видео пайда болду. Анда киши «аялым унаа айдай албайт, алдын тосуп чыксам айдап кетти» деп сүйлөгөн.

Биринчи май РИИБден «Клоопко» окуя каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдиришти.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы Кыргызстанда аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук боюнча жалпы 6580 кылмыш иши козголгон.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.