Kaktus.media: Тургундар 9 жашар кызы ыдык көргөнүн айтып чыккан аялдан көчүп кетүүнү талап кылышууда

Чүй облусунун Сокулук районунда тургундар айылдашы тогуз жаштагы кызына сексуалдык зомбулук көрсөткөнүн айтып чыккан аялды көчүп кет деп талап кылышууда. Бул тууралуу Kaktus.media’га зомбулукка кабылган кыздын апасы айтып берди.

Аял коңшусунун аялы менен мамилеси жакшы болгондуктан секелек кызын аларга калтырып кетчү. Анын айтымында, кызын кошунанын үйүнөн алып чыгып баратканда зомбулукка кабылганын билген.

«Кызымды үйүнөн алып келе жатсам кусуп жиберди. Ал кошуна оозунан өөп, тилин оозуна тыкканын, ошого көңүлү айнып жатканын айтты. Ал мындайча айтып берди: “Тилин оозума тыкты”. Мен андан [кызымдан] сурап баштаганда бул биринчи эле жолкусу эместиги билинип калды», — деп айтып берди аял.

Анын айтымында, коңшусу үйдө эле эмес, кампага алып кирип, унаасына отургузуп да кызга ыдык көрсөткөн. Аял коңшусу кызга өткөн жылдын октябрынан 2-февралга чейин 25 жолу ыдык көрсөтүшкөнүн айтууда.

«Кызым эки же үч жолу алардыкында түнөп калган. Биринчи жолу ал кызым түнөгөнү калганда сыйпалаптыр. Ал түнү кызым уктап жаткан бөлмөгө келип ич кийимин чечип, жыныс органын кармалап жана эриндеринен өпкөнүн айтып берди. Анан ал ыйлап баштаганда гана коё бериптир. Ага чейин аны кыймылдатпай кармачу экен», — деп айтып берди жабырлануучунун апасы.

Анын айтымында, катуу стресстен улам кыз эки апта ооруканада жатып чыккан. Kaktus.media. кыз азыр да стрессте экенин, болгон окуя тууралуу сүйлөшүүдөн качып жатканын жазды.

Кыз апасына зордук көргөнүн айтып бергенден кийин аял милицияга кайрылган. Бирок, анын пикиринде, тергөөчү чара көргөн эмес, андыктан аял журналисттер менен укук коргоочуларга кайрылган. Андан кийин, аялдын айтымында, тергөөчү шектүүгө эки жолу дисциплинардык жаза чегерилгенин айткан.

Ошондой эле аял укук коргоо органынын кызматкерлери тергөөнүн купуялуулугун бузуп иштин чоо-жайын башка кошуналарга жайганын айтып берди.

«Мага аймактык милиция кызматкери телефон чалып, менин сөздөрүмдү тастыктай турган коңшуларымды алып келүүмдү айтты. Мен эч кимди алып барууну каалабасымды, анткени окуянын коомчулукка тарашын каалабай турганымды айттым. Бирок аймактык милиция кызматкери шектүүдөн аны колдой турган коңшуларды алып барышын сураптыр. Шектүү менен жабырлануучу болгондон кийин башка коңшулардын эмне кереги бар? Аймактык милиция ага коңшуларды алып келүүнү тергөөчү айтканын айтып жатат, ал эми тергөөчү муну четке кагууда», — деп айтып берген аял.

Анын айтымында, азыркы тапта кошуналар менен кызды зордуктоого шектелген адам аялды кызы менен бул аймактан көчүп кетүүсүн талап кылып жатышат.

«Эми кошуналардын баары бул окуяны билишет жана мени менен кызымды сөз кылып жатышат. Милицияга биздин укугубузду коргоп берсин деп кайрылганбыз, бирок баары тескеринен болуп калды», — деп айтты кыздын апасы.

Жабырлануучунун апасы тергөөнүн чоо-жайын ачкан тергөөчүлөрдүн аракетине даттанып Сокулук райондук прокуратурасына арыз жазганын билдирди. Мындай арызды кошунасына карата дагы жазды.

Бул окуяны парламентте депутат Эльвира Сурабалдиева да көтөрдү. Жогорку Кеңештин 2-марттагы жыйынында башкы прокуратурага бул окуяга көңүл бурууга жана «Сокулук РИИБнин тергөөчүлөрүнө тергөөнүн купуялуулугу деген эмне экенин түшүндүрүп берүү» өтүнүчү менен кайрылды.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы Кыргызстанда балдарга карата зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле кезде ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук жылдан жылга өсүп жатканын айткан.