«Арча Медианын» журналисти Тилек Жуматаев Аламүдүн РИИБне суракка чакырылды

«Арча Медиа» басылмасынын журналисти Тилек Жуматаев Чүй облусунун Аламүдүн РИИБне күбө катары суракка чакыртылды. Бул тууралуу басылманын башкы продюсери Дмитрий Ложников билдирди.

Журналистке жөнөтүлгөн чакырууда Жуматаев суракка 3-март күнү саат 15:00гө келиши керектиги жазылган.

«[Сурактын] себеби белгисиз. Божомолубузда, бул соцтүйүндөрдө жана мессенжерлерде айып пулдун көтөрүлүшү маселеси талкууланган публикацияларга байланыштуу болушу мүмкүн», — деп жазды Ложников.

Анын айтымында, акыркы эки күндөн бери журналисттин үйүн айланып, аңдуу жүргөнү байкалган — 1-мартта белгисиз адамдар Жуматаевдин туугандарынан аны кайдан тапсак болот деп сурашкан. Ошол эле учурда, Ложников алар өздөрүн тааныштырбаганын айтты.

Аңдуу 2-мартта да уланган. Ал күнү журналисттин жакындары акыры жооп алышкан — унааны күзөтүп жүргөн киши өзүн Аламүдүн РИИБнин кызматкери деп тааныштырган.

«Ошондон кийин гана ИИМдин басма сөз кызматы аркылуу Аламүдүн РИИБден расмий чакыруу талап кылып, алдырууга мүмкүн болду. Бүгүн Тилек адвокат менен бирге суракка барат», — деп жазды башкы продюсер.

Ложниковдун айтымында, Жуматаев иликтөөчү журналист Сайпидин Султаналиев менен чогуу иштейт.

Чүй ОИИБнин басма сөз кызматынан «Клоопко» журналисттин суракка чакырылышынын себебин билбейбиз деп жооп беришти.

Next TV телеканалынын жабылышы жана кызматкерлеринин кармалышы

«Арча Медиа» — бул мурдагы Next TV телеканалы, анын негиздөөчүсү саясатчы Равшан Жээнбеков. Ал учурда Кемпир-Абад иши боюнча ТИЗОдо кармалып турат.

2022-жылдын мартында УКМК Next TV телеканалына карата «Аймактар аралык кастыкты козутуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козгогон. Атайын кызмат Next TV каналы соцтүйүндөр аркылуу «Украинанын аймагындагы атайын операцияда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтө турганы боюнча келишимге жетишилди деген жалган маалымат тараткан» деп эсептейт. Журналисттер маалымат булагы катары Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисинин жазгандарына таянышкан.

Кийинчерээк Бишкектин Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын арызынан кийин Next TV телеканалынын аталган материалын экстремисттик деп тапкан. Бирок көзөмөл органынын телеканалды жаап, көрсөтүүлөрүн башка булактарга жарыялоого тыюу салуу жөнүндөгү көзөмөл органдын экинчи өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Улуттар аралык кастыкты козутуу иши боюнча 2022-жылдын мартында Next TV’нын директору Таалай Дүйшөнбиев да кармалган. Сентябрь айында сот аны улуттар аралык кастыкты козутууга айыптуу деп таап, эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон.

Телеканалдын дагы бир кызматкери Адилет Балтабайды январда Бишкек шаардык соту массалык башаламандыктарга чакырууга айыптуу деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан.