Экс-судья Осмоналиевдин үйү сатыкка коюлду — баштапкы баасы дээрлик 800 миң доллар

Мамлекеттик ипотекалык компания Чүй облусунун Орто-Сай айылындагы «Сары-Өзөн» VIP-шаарчасынын 3-линия көчөсүндө жайгашкан эки кабат үйдү сатыкка чыгарды. Үйдүн баштапкы баасы 68 млн 755 миң сом (786 миң доллардан ашыгыраак).

Аукционго катышуу үчүн 20 миң сом кепилдик төлөмдү төлөп, аукцион башталганга чейин арыз берүү керектиги кабарланды. Аукционго катышууга арыздарды кабыл алуу 6-мартта башталып, эртеси күнү саат 15:00дө Бишкектин Токтогул көчөсү 228 дагеринде аукцион өзү башталат.

Үйдүн тарыхы

МИК сатыкка коюп жаткан эки кабаттуу үй буга чейин Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевге таандык болгон. 2020-жылдын аягында аны УКМКнын кызматкерлери мыйзамсыз боюуга шектеп кармап, ТИЗОго киргизген.

УКМКнын маалыматына ылайык, ал VIP-шаарчадан, алдыңкы курулуш компаниялардан кыймылсыз мүлккөө ээ болуп, Ысык-Көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаттардан коттеж, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди сатып алган. Ал эми өзү жана туугандары дүйнөлүк популярдуу курорттордо эс алып жүрүшкөн.

Temirov Live’дын журналисттеринин маалыматына ылайык, Осмоналиев кармалгандан кийин УКМК анын Орто-Сай айылынын 3-линия көчөсүндөгү үйүн камакка алган. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө УКМК үйдү камактан чыгарып, интернетте бул элиталык үй 1 млн долларга сатылары тууралуу жарыялар пайда боло баштаган.

2021-жылдын мартында Осмоналиев мамлекеттин кирешесине 70 миллион сом кайтарып берип, эч жакка кетпөө тил катынын негизинде эркиндикке чыккан. Комитеттен белгилешкендей, калган 44 млн сомду Осмоналиев үч ай ичинде төгүп берүүгө милдеттүү болгон. VIP-шаарчадагы элиталык кыймылсыз мүлкү мамлекетке өтүп, 2022-жылдын мартында Кыргыз улуттук «Манас» театырына берилген.