Ноокат: Милиция кызматкери жетекчиси аны уруп, куугунтукка алганын айтты

Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Базар милиция бөлүмчөсүнүн кызматкери Максатбек Аваз уулу кызматтан мыйзамсыз алынганын жана жетекчилик тарабынан зомбулук көргөнүн айтты. Ал эми Ош облустук ички иштер башкармылыгы «Клоопко» ички иликтөө иштери башталганын билдирди.

Эмне болду?

2-мартта соцтармактарда милициянын кызматкери Ноокат РИИБдин жетекчилиги тарабынан «ал көрсөткүчтөргө жетпегенин айтып» куугунтукка алганын билдирип, президентке кайрылган видео тараган.

«Мени “эмнеге көрсөткүчтөргө жетпейсиң, эмнеге жыйынтыктарың жок” деп [кызматтан] алып салышты. Мен өзүм айыл жергесинде тоолуу аймакта кызмат өтөсөм, тейлеген аймакта эч кандай кылмыштуулук катталбаса, мен кайсыл кылмышты берем? Кайсыл карапайым элдин баласын… мыйзамсыз жолго барып, жыйынтык беришим керек? Антип жыйынтык бергенден көрө мен формамды чечип, башка адал эмгектен иш кылганым жакшы», — деп айтты Аваз уулу.

Ошондой эле ал райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Талгат Өскөналиев «Улан Ниязбековдун атын жамынып, кызматкерлерге мыйзамсыз талаптарды коюп жатканын» айтты.

Аны менен катар ал, күч структураларында «орун алган башаламандыктан укугун коргой албаган жүздөгөн кызматкер бар экенин» белгилеп, райондук бөлүмдүн башчысы ага зомбулук көрсөткөнүн кошумчалады.

«Мурат Айтиев кесиптештеримдин арасында мени оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, адамдык аброюма шек келтирип, уруп денеме залал келтирип отурат. Булардын негизги себеби, мен жыйынтык беришим керек экен. ИИМде адилеттүүлүк качан орнойт? Мындан качан арылабыз? Урматтуу Садыр Нургожоевич [Жапаров], мен сизден Ички иштер министрлигинде болуп жаткан башаламандыкты токтотуп беришиңизди суранам», — деди ал.

Милиция эмне дейт?

3-мартта Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы «Клоопко» аталган окуя боюнча комментарий берди.

Ага ылайык, Ош шаардык клиникасынан Ноокат РИИБдин кызматкери 31 жаштагы Максатбек Аваз уулунун денесинен жараат алганы тууралуу маалымат 1-март күнү саат 22:50дө келип түшкөн.

Бул факты Ош ОИИБдин электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Текшерүүдө жабырлануучу Ноокат РИИБдин айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы денесине жараат келтиргенин билдирип, ыкчам тергөө тобу менен жолугушууга каршы экенин айткан.

«Учурда Аваз уулуна соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Ош ОИИБдин тергөө кызматы жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин, 2022-жылы 30-августта, Ош облустук милициясынын мурдагы кызматкери Чубак Сыргакбек уулу аттуу киши мекеменин жетекчиси Жеңишбек Абитов аны кызматтан мыйзамсыз алганын айтып президентке кайрылган.

Ал эми Ош облустук милициясы Сыргакбек уулу «жубайы менен үч жашар уулуна кол көтөргөнү үчүн» кызматтан алынганын маалымдаган болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош ОИИБи президентке даттанган кызматкер аялын сабаганы үчүн иштен алынганын билдирди