Ош: УКМК эки адамды мыйзамсыз лотерея уюштурууга шектеп кармады

Ош облусунда «Ош сила» атуу лотерея уюштурган эки адам лицензиясыз иштөөгө шектелип кармалды. Бул тууралуу 3-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын түштүк башкармалыгы тарабынан бир нече жолу эскертүү берилгенине карабай, лотереяны мыйзамсыз уюштурууну улантышкан.

«Шектүүлөр лотереяны катуу жарнамалап, катышуучуларга 40 унаа ойнотууну убада кылышкан. Оюн билеттерин сатып, МБанк аркылуу төлөм кабыл алышкан. Ал эми лотереянын жүрүшү YouTube каналы аркылуу түз эфирге көрсөтүлүп турган», — дешти атайын кызматтан.

Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда лотерея барабандары, билеттер жана документтер табылды.

Бул боюнча «Мыйзамсыз ишкердик кылуу» беренеси менен иш козголду. Азыркы тапта иштин жагдайын аныктоо боюна тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Өткөн жылдын август айында дагы Баткен облусунда «Баткен сила» лотореясын мыйзамсыз уюштуруп келгендер кармалган.

Автору: Айгерим Белек кызы