Кеминде дайынсыз жоголгон кыздын сөөгү табылды

Иллюстративдик сүрөт

Кемин районунда дайынсыз жоголгон 24 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Чүй облусунун милициясынын башка башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, 3-март күнү жергиликтүү тургундар тоодон кыздын сөөгүн таап милицияга кайрылышкан.

«24 жаштагы кыз 6-февралдан баштап дайынсыз жоголгондордун тизмесинде болчу. Кыздын денесинде кандайдыр бир зордук зомбулук белгилери табылган жок. Алдын ала тергөө иштери башталып, экспертизалар дайындалды», — деп кошумчалашты милициядан.

Буга чейин, 2022-жылдын сентябрь айында Ысык Ата аймагында дайынсыз жоголгон Хадича Болотбекова аттуу 15 жаштагы өспүрүм кыздын сөөгү суу сактагычтын жанынан табылган. Ал 15-сентябрдан бери жоголуп, издөөгө коюлган.

2022-жылдын 1-ноябрына карата статистика боюнча, 3374 жоголгон адам кайрылган. Дайынсыз жоголгондордун көпчүлүгү өспүрүмдөр.

Автору: Айгерим Белекова