Ташиевдин кичи мекенинде белгисиз демөөрчүлөрдүн каражатына төрөт үйү салынат

6-мартта УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев өзү туулуп өскөн Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылында төрөт үйүнүн курулушуна капсула салды. Бул тууралуу Ташиевге байланыштуу Region TV телеканалы билдирди.

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылындагы төрөт үйүнүнүн курулушуна капсула салып жаткан кези. Сүрөт: Region TV

Төрөт үйү үч гектар жерге курулуп, 3 кабат болуп тургузулары маалымдалды. Курулуштун баасы 270 миллион сомду түзөт. Анткен менен курулушка каражатты демөрчүлөр бөлүп берген, бирок кайсыл демөөрчүлөр экени айтылган жок.

Капсула салуу аземинде Ташиев төрөт үйүнүн курулушун жеке көзөмөлүнө аларын айтты. Анын айтымында, курулуш иштерин 2023-жылы декабрда аяктоо пландалууда.

Курулуш иштерине ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы жооптуу болот.

Ташиевдин кичи мекени болгон Жалал-Абаддын Барпысында салына баштаган төрөткана демөөрчүнүн эсебинен каржыланып жаткан жалгыз эле объект эмес.

2021-жылдын июлунда Ташиев Жалал-Абадда УКМКнын кызматкерлери үчүн 205 батирден турган кызматтык үйдүн курулушуна капсула салган. УКМКнын башчысы үйдүн курулушун ким каржылап жатканын айткан эмес.

Ташиев 2021-жылы УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын имараты үчүн капсула салган. Анда «Кабар» маалыматтык агенттиги демөөрчүлөр курулушка 100 млн сом бөлүшкөнүн жазган.