Ак элечек апалар жана министр баштаган топ Ала-Тоо аянтында жүрүшкө чыгышты

Сүрөт: Эмгек министрлиги

Бишкекте 8-мартта Аялдардын укуктары үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнүндө баатыр энелердин салттык баалуулуктар үчүн жөө жүрүшү өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинен билдиришти.

Ак элечек апалар жана эмгек министри Кудайберген Базарбаев баштаган колонна бордук аянтта митинг жана тынч чогулуштарга тыюу салынганына карабастан Ала-Тоо аянтынан басып өтүштү.

Ал эми ошол эле убакта аялдардын укугу үчүн марштын катышуучуларына бийлик Спорт ордосунун алдында гана чогулууга, Революция каармандарынын эстелигине борбордук көчөлөргө кирбей жетүүгө уруксат берди.

Базарбаев бул акция менен ак элечек апалар улуттук баалуулуктарды карманарын көрсөтүшкөнүн билдирди.

«Бул акция менен биз улуттук салтыбызды коргоого, улуттук баалуулуктарыбызды сактоого милдеттүү экендигибизди көрсөттүк. Биз бала ата-энеси менен өскөн салттуу үй-бүлөнүн сакталышын көздөйбүз, ак калпак, ак элечек улуттук кийимибиз экендигин тааныган муунду тарбиялайбыз, ар бир адам ой-пикирин айта алган коомду түзөбүз», — деди ал.

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө салынган тыюу 2022-жылдын мартынан бери күчүндө турат, сот аны ай сайын узартууда. Азыркы тыюу 31-мартка чейин күчүндө болот. Соттун чечимине ылайык, Орусия элчилигинин, Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Панфилов паркында, Жогорку Кеңештин, Президенттик администрациянын, Жогорку соттун жана УКМКнын алдында тынчтык митингдерин өткөрүүгө болбойт.