Сүрөт: Бекболсун Кайыпов / Kloop

Ошто 8-март күнү калаанын борборундагы эски көпүрөгө «Зомбулукту токтот!» деп жазылган ураан илинди. Аялдарга карата зомбулукка каршы плакатты жергиликтүү активисттер Мадина Салайдинова менен Инобат Султанова чаптаган.

Алардын айтымында, Кыргызстанда соңку жылдары кыздарга жана аялдарга карата зомбулук күчөп, кылмышкерлер жазаланбай жатканына көңүл бурдуруу үчүн акция уюштурушкан. Активисттер, Бишкекте февралда аял жана анын эки баласы мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн мисал келтиришти.

Ар жыл сайын, аялдардын укугу үчүн күрөшүү күнүн утурлай репспубликанын ири шаарларында — Ош жана Бишкекте — тилектештик үчүн тынчтык жүрүштөрү өтүп келет.

Бүгүн Бишкек шаарында салтка айланган тынчтык жүрүшү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунан башталып, Революциянын каармандарынын эстелигинен аяктады. Тынчтык жүрүшүнө 500дөн ашуун киши катышты.

Акциянын катышуучулары «Эркин кыз, эркин Кыргызстан!» жана «Зомбулукка жол жок!» деп чакырык таштап жатышты.

Аны менен катар Биринчи май РИИБнин кызматкери, милициянын полковниги чогулгандарга жүрүштүн алкагында коомдук тартипти жана жол эрежесин сактоону эскертип, аялдарды майрамы менен куттуктады.

Кыргызстанда аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүштөр жыл сайын өтүп келет. 2022-жылы марш Бишкекте жана Ошто өткөн. Анда жүрүштүн негизги темаларынын бири — аялдардын согушка каршы тилектештиги болгон.

Жөө жүрүштөрдө чагымчыл аракеттер да болбой койбойт. 2020-жылы Бишкекте тынчтык маршы башталардын алдында беткап кийген белгисиз кишилер уюштуруучуларга жана катышуучуларга кол салган. Анда милиция провокатордорду кармагандын ордуна акцияга келген аял-кыздарды жана башка катышуучуларды кармап кеткен.

Ал эми Ош шаарында болсо жөө жүрүш өткөрүүнү каалаган активисттерге милиция эскертүү берип, жүрүш өтпөй калган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте 8-мартта аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш өтөт