Бишкекте 8-мартта аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш өтөт

Бишкекте 2022-жылы өткөн жөө жүрүш. Сүрөт: Дмитрий Мотинов/Kloop

Бишкекте 8-март күнү жыл сайын өтүүчү аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш өтөт. Бул тууралуу «8/365» феминисттик кыймылынан билдиришти.

Жөө жүрүш 8-март саат 13:00дө Спорт ордосунун алдында башталат.

Бул жылкы марштын темасы — аялдардын эркиндикке жетүүсүндөгү тилектештик. Кыймылдан Кыргызстанда коомдук жайларда аялдарга ыдык көрсөтүү учурлары көбөйүп жатканын, ал эми милиция жана соттор буга көз жумуп келерин белгилешти.

Ошондой эле жөө жүрүштүн уюштуруучулары бир катар талаптарын жарыялашты. Алардын арасында: үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу, зордук-зомбулукту токтотуу боюнча улуттук иш-аракеттер планын киргизүү, ар бир райондо кризистик борборлорду ачуу жана сөз эркиндигине кысымды токтотуу талаптары бар.

Кыргызстанда аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүштөр жыл сайын өтүп келет. 2022-жылы марш Бишкекте жана Ошто өткөн. Анда жүрүштүн негизги темаларынын бири — аялдардын согушка каршы тилектештиги болгон.

Жөө жүрүштөрдө чагымчыл аракеттер да болбой койбойт. 2020-жылы Бишкекте тынчтык маршы башталардын алдында беткап кийген белгисиз кишилер уюштуруучуларга жана катышуучуларга кол салган. Анда милиция провокатордорду кармагандын ордуна акцияга келген аял-кыздарды жана башка катышуучуларды кармап кеткен.

Ал эми Ош шаарында болсо жөө жүрүш өткөрүүнү каалаган активисттерге милиция эскертүү берип, жүрүш өтпөй калган.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы Кыргызстанда аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук боюнча жалпы 6580 кылмыш иши козголгон.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Аялдын орду бүт жерде». Ошто аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш өттү

Ош: Аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүштөн сүрөт баян

Депутат Никитенко 8-марттагы маршка чабуул кылгандардын өздүгүн аныктоого чакырды

Милиция аялдардын укугу үчүн маршты үзгүлтүккө учураткан чагымчыларды издеп жатат