Ошто милиционерлер 8-мартта «Новый ритмге» марш өткөрбөөнү эскертти

«Новый ритмдин» кеңсесине келген милиционерлер. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Ош шаарында 8-март күнү «Новый ритм» коомдук бирикменин кеңсесине милиция кызматкерлери келип, активисттерди «Аялдардын тилектештик тынчтык маршы 2020» жүрүшүнө чыкпоосун эскертти. Бирок буга чейин бирикме «коркутуулардан улам» жөө жүрүш өткөрбөөнү чечкени кабарланган.

«Милиция кеңседеги иш-чаранын алдында 11:45те келди. Биз маршка чыкпайбыз деп жарыялаганбыз, бирок [милиция кызматкерлери] жөө жүрүшкө чыкпай турушубузга ынануу үчүн келишиптир. Эмне себептен келдиңер деп сурасак “коронавирус жөнүндө буйрукка” таянышып, эскертүү берип жатышканын видеого тартып кетишти», — деди «Клоопко» уюмдун өкүлү Мадина Салайдинова билдирди.

Салайдинованын айтымында, эскертүү бергенден кийин милиция кызматкерлери кетпей офистин жанында активисттерге байкоо салып турушкан.

«Новый ритм» коомдук бирикмесинен калаада 8-мартта «Аялдардын тилектештик тынчтык маршын 2020» жөө жүрүшүн өткөрмөкчү болгон. Бирок жергиликтүү бийлик Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдан массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу тууралуу буйругуна таянып маршты өткөрбөө тууралуу кабарлама беришкен.

Кийинчерээк «Новый ритм» коомдук бирикмеси Конституциянын «Тынчтык чогулуштары тууралуу» беренесине ылайык маршка чыгууну чечкен. Аталган уюмдун төрайымы Гулиза Абдыжапарованын айтымында, бул чечимден кийин мэрия жана Ош ШИИБ тарабынан «камоолор менен коркутуулар» болгон. Мындан улам жөө жүрүш уюштурулган эмес, бирикменин кеңсесинде гана жыйын өткөн.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Азаттыкка» коркутуу болгондугу тууралуу маалыматы жоктугун айткан. Ал коркуткан милиция кызматкеринин тек-жайы такталарын билдирген. Ал эми мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Новый ритмге» карата коркутуулар болбогонун кабарлаган.