«Жалал-Абад» санаторийинин директорунун орун басары бейтаптардан пара талап кылып жаткан жеринен кармалды

«Жалал-Абад» санаторийинин башчысынын дарылоо боюнча орун басары бейтаптарды опузалап пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 9-мартта УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган кызматкер бейтаптарга бекер көргөзүлө турган процедураларды санаторийдин милдеттүү кызмат акысынын тизмесине киргизип алган.

Анын дарыланып жаткандардан кошумча медициналык процедураларды санаториялык китепке киргизүү үчүн акча талап кылуу менен системалуу түрдө алектенип жүргөндүгү аныкталган.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Ал эми «Клоопко» санаторийдин жетекчилиги бул боюнча комментарий берген жок.

Өткөн жылы бул ден соолукту чыңдоо борборун 2012-2021-жылдар аралыгында жетектеген Максат Абышкаев «коррупцияга» шектелип кармалган. Ал санаторийди жетектеп жүргөндө мамлекетке 42 миллион сомдон ашык зыян келтиргени кабарланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Мекенчилден» талапкер болгон Рамиз Каимов «Жалал-Абад» санаториясын убактылуу жетектейт

«Жалал-Абад» санаторийинин мурдагы директору Абышкаев коррупцияга шектелип кармалды

«Ташиевдин тиешеси жок». «Жалал-Абад» санаториясын басып алуу аракети териштирилип жатат