«Мекенчилден» талапкер болгон Рамиз Каимов «Жалал-Абад» санаториясын убактылуу жетектейт

Камчыбек Ташиев жана Рамиз Каимов. Сүрөт: Каимовдун фейсбук баракчасынан алынды

«Жалал-Абад» санаториясын убактылуу 34 жаштагы Рамиз Каимов жетектейт. Аны Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Кыргызкурорттуризм башкармалыгынын башчысы Самарбек Күчүков жамаатка тааныштырды. Каимов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын кишилеринин бири.

«Турмуш» басылмасы санаториянын башчылыгына сынак өтөөрүүн маалымдады.

Ден соолукту чыңдоочу комплекс Жалал-Абад шаарынан 5 км алыстыкта, деңиз деңгээлинен 975 метр бийиктикте жайгашкан. Ал бир нече корпустан туруп, 40 гектар аянтты ээлейт. Санатория дары суулары менен таанылып, башка өлкөлөргө да белгилүү.

Каимов тууралуу эмне белгилүү?

Сүрөт: Каимовдун фейсбук баракчасынан алынды

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Каимов буга чейин Базар-Коргон шаардык кеңешине өткөн шайлоодо «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын 25 талапкер болгон. Аталган партия шайлоонун жыйынтыгы менен эң көп мандат алган. Бирок Каимов мандатка илинген эмес.

Коомчулукта «Ата-Журт Кыргызстан» УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге караштуу экени айтылган. Аталган партиянын тизмесинде Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп келди.

Мындан сырткары партиянын жетекчиси Айбек Маткеримов Ташиевдин айылдашы. Бирок Ташиев өзү партия ага таандык экенин төгүндөп, бирок депутаттыкка аттанган уулуна ийгилик каалаган.

Каимов 4-октябрдагы парламенттик шайлоого президент Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев негиздеген «Мекенчил» партиясынан катышкан.

Сүрөт: Каимовдун фейсбук баракчасынан алынды

2021-жылдагы президенттик шайлоодо Каимов учурдагы президент Садыр Жапаровдун ишенимдүү өкүлү болгон.

Парламенттик шайлоого катышып жатканда Каимов өзүн «АРТВ» ТРКсынын башкы директору катары көрсөткөн. Аталган ТРКга Камчыбек Ташиевге таандык «Регион» телеканалы карайт.

Учурда юстиция министрлигинин сайтында «АРТВнын» директору болуп Эрали Маматов катталган. Ошондой эле ал буга чейин «Жетинчи каналда» да иштеген.

Сүрөт: Каимовдун фейсбук баракчасынан алынды

Мындан сырткары Каимовдун фейсбуктагы баракчасында Камчыбек Ташиев менен болжолдуу «Регион» телеканалында жана шайлоо өнөктүгү учурунда түшкөн сүрөттөрү бар. Ошондой эле ал Ташиев тууралуу постторду байма-бай бөлүшүп турат.

Сүрөт: Каимовдун фейсбук баракчасынан алынды

Каимов кызматка дайындалган «Региондун» биринчи кызматкери эмес. Буга чейин, 6-майда, аталган телеканалдын мурдагы оператору Акниет Кеңешов Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз катчысы болуп дайындалган.

Ал эми президент Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон ондогон киши ар кандай кызматтарга келген.

Садыр Жапаров бийликке келгенден тарта кызмат алган «мекенчилдер»