Прокуратура көрсөткүчтөрдү жогорулатуу үчүн жалган протоколдорду түзгөн милиционерлерге иш козгоду

Бишкек прокуратурасы Биринчи май РИИБнин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине карата иш козгоду. Бул тууралуу 10-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кызматкерлер «өз ишинин статистикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында жарандарды негизсиз жана бир нече жолу иш жүзүндө жасалбаган укук бузуулары үчүн жоопкерчиликке тартышкан».

Прокурорлор 2022-жылы милиционерлер үч кишиге «Жөө жүргүнчүнүн жол эрежесин бузуу» беренесине ылайык 12 мыйзамсыз укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөнүн аныкташкан.

«Көрсөтүлгөн протоколдордун ичинен 1 жаранга укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн учурда, ал буга чейин каза болгон. Ал эми калган жарандар иш жүзүндө укук бузууларды жасабаган жана алар бул туурасында прокуратурага тиешелүү чараларды көрүү жөнүндө арыз менен кайрылышкан» — деп жазылган билдирүүдө.

Аталган фактылар боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен 3 кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.