Ала-Букада атасы 9-класстагы кызынын зордукталганын, иш солгун жүрүп жатканын айтып чыкты

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну 9-класстагы кызы 26 жаштагы айылдашы тарабынан зордукталганын, милиция ишти солгун жүргүзүп жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу 10-мартта «Turmush» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, окуучу кыз сабакка бара жатканда зордуктоого кабылган. Окуя 2022-жылдын 2-декабрь күнү болгон.

«Ал окуяга чейин, зордуктаган киши кызым менен WhatsApp аркылуу таанышып, кызым “блоктоп” койсо, башка телефон менен жазып жүргөн экен. Бир жолу жолугушуптур, экинчисинде кызым сабакка бараткан жеринен зордуктап койгон», — деп айтты кыздын атасы.

Анын айтымында, шектүү «эгерде бул жөнүндө бирөөгө айтсаң, өлтүрүп кетем» деп коркутканынан кызы эч кимге айткан эмес. Кыздын курбусу шектүүнүн тууганы болгондуктан, шектүү окуядан бир айдан ашык өтүп калгандан кийин мас абалында курбусуна айтып койгон.

Ал мектептеги соцпедагогго айтып, мугалим кыздын ата-энесин чакырган. Ошол жерден окуя ачыкталып, кыз коркконунан эч кимге унчукпаганын айткан.

«Биз 2023-жылдын 7-февралында милицияга кайрылдык, апасы кызы зордуктоого кабылганы боюнча арыз жазды», — деди атасы.

11-мартта Жалал-Абад облустук милициясы «Клоопко» бул окуя боюнча маалымат берди. Анда шектүүгө «Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси менен иш козголуп, ал 9-февраль күнү эки айга камакка алынганы айтылат.

Кыздын атасы болсо иш «Зордуктоо» беренеси менен козголушу керек деп эсептейт.

«Каралып жаткан иш боюнча материалда, кызым ошол жерге атайын жолукканы баргандай беришиптир. Шектүүнүн таанышы райондук прокуратурада иштейт. Балким ошол таасир берип жатабы деп да ойлойт экенсиң», — деди атасы.

Ал кызы айтып берген маалымат менен, милиция карап жаткан материалдагы маалымат таптакыр башка экенин айтып, «окуя өзгөртүлүп» жатканын кошумчалады.

7-мартта бир нече маалымат каражаты өздүк булактарына таянып, Бишкекте 13-жашар кыз зордукталган учурдан беш ай өткөн соң өз жанын кыйганын билдиришкен.

2021-жылдын ноябрында милиция жабырлануучуну суракка алып, кылмыш ишин козгоп, тийиштүү экспертизаларды дайындашкан. Бирок алар шектүүнү камакка албай, ишти жаап салышкан.

Ал эми 2022-жылдын апрелинде жабыркаган кыз өз жанын кыйган.

Окуядан бир жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин 2023-жылдын 23-январында шектүү кармалып, камакка алынган. Андан кийин соттук медициналык эксперт жана Ленин РИИБдин эки тергөөчүсү кармалып, баары камакка алынган.

Балдарга карата зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле кезде ички иштер министри Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фатылары жыл сайын өсүп жатканын айткан.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 12-августунда балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон.

Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда сиз «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот. Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт.

Алар сизге консультация берип, психологиялык жактан жардам көрсөтө алышат. Эгер сизге укук коргоо органдарынын жардамы керек болсо, кайрылууңуз аларга жөнөтүлөт.

Ошондой эле зомбулукка кабылган балдарга жардам бере турчу борборлор да иштейт. Ал жакка төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

Бишкек шаары, Карасаев көчөсү №73. Телефондор: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934

Ош облусу, Ош шаары, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1. Телефон: 03222 62288

Талас облусу, Талас шаары. Телефон: 0778 4366775

Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жамансариева көчөсү № 163. Телефондор: 03922 50405, 03922 50212

Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Ысык-Көл көчөсү №33.