Баткен: Чек ара чырында жабыркагандардын 36,2 млн сомдук насыясы жоюлду

Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыркаган 377 жарандын 36,2 миллион сомдук насыясы толугу менен жоюлду. Бул тууралуу 10-мартта Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланды.

Мекеменин маалыматына ылайык, насыяларды төлөй албай жалпысынан 514 тургун арыз менен кайрылган. Арыздарды кароо бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан жабыркаган үй. Сүрөт: Бакай Алмаз / Kloop

Андан сырткары 66,5 миллион сомдук 227 насыянын төлөө мөөнөтү жылдырылган же шарттары өзгөртүлгөн.

Финансы-кредит уюмдары өткөн жылы 18-ноябрдан тарта быйыл 28-февраль аралыгында Баткен облусунун 27 миң 207 тургунуна жаңы насыяларды артыкчылык менен шашылыш түрдө берген. Анын жалпы суммасы 2 млрд 799 млн сомду түзөт.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Узаган жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болуп, 200дөн ашык адам ар кандай жаракаттарды алган. 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болуп, жүздөгөн үй-бүлө башпаанексиз калды.

Кыргыз бийлиги тургундарга үйлөрдү суук түшкөнгө чейин бүтүрүп берүүнү убадалаганы менен ал убагында аткарылган жок. Жаңы жылда да туугандарыныкында же батирлерде жашап, үйүнүн курулуп бүтүшүн күтүп жаткан баткендиктердин саны арбын болду. Алар курулуш иштерин тездетүүнү жана чек ара көйгөйүн чечүүнү талап кылышкан.

24-февралга карата жаңдалда 332 үй жаңыдан курулуп, колдонууга берилди. Калган 86 үйдүн курулушу марттын аягында бүтөрү айтылды.

Жалпысынан куралдуу жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 млн сом деп бааланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде ишкерлерге жалпы 484 млн 63 миң сомдук жеңилдетилген насыя берилди

Баткен: Ишкерлерге 217 млн сомдон ашуун жеңилдетилген насыя берилди