Баткенде ишкерлерге жалпы 484 млн 63 миң сомдук жеңилдетилген насыя берилди

Баткен облусунда 587 ишкердик субъектиге 484,63 млн сомдук жеңилдетилген кредит берилди. Бул тууралуу 13-февралда Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бул 2022-жылдын ичинде берилген кредиттердин суммасы. Кредит чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарда иш алып барган жеке ишкерлерге, чакан жана орто бизнестин субъекттерине берилген.

Узаган жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болуп, 200дөн ашык адам ар кандай жаракаттарды алган. 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болуп, жүздөгөн үй-бүлө башпаанексиз калды.

Кыргыз бийлиги тургундарга үйлөрдү суук түшкөнгө чейин бүтүрүп берүүнү убадалаганы менен ал убагында аткарылган жок. Жаңы жылда да туугандарыныкында же батирлерде жашап, үйүнүн курулуп бүтүшүн күтүп жаткан баткендиктердин саны арбын болду. Алар курулуш иштерин тездетүүнү жана чек ара көйгөйүн чечүүнү талап кылышкан.

Жалпысынан куралдуу жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 млн сом деп бааланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө ишкердикти өнүктүрүү үчүн 100 миң сомдон берилди

Баткен: Элден түшкөн акчанын 138,4 млн сому жабыркагандарга кенемте катары таратылды

Баткен: Чек арада өрттөлүп, талкаланган 400дөн ашык үйдүн 45и курулуп бүттү