Финансы министрлиги: Быйыл окуучулардын тамак-ашына делген акчаны көбөйтө албайбыз

Бюджетте акча жоктугуна байланыштуу 2023-жылы мектеп окуучуларынын тамак-ашына делген чыгымды 20 сомго чейин көтөрүүгө мүмкүн эмес. Бул тууралуу парламенттин социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева айтты.

Анын айтымында, Финансы министрлиги 2024-жылы окуучулардын тамак-ашына делген каражатты көтөрүү маселесин алгылыктуу маселе катары алып чыгат. Ал ушул тапта министрликтин адистери эсептөөлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады.

«2023-жылдын бюджетин түзүп жатканда [бул тармакты] приоритеттүү тармак деп караганбыз. Бирок буга чейинки айлык, пенсия жана жөлөк пулду көтөрүү боюнча милдеттемелерди алып алган үчүн кошумча каражат жок болуп калган», — деди министрдин орун басары.

Дүйшеева мектеп окуучуларынын ысык тамагы үчүн делген чыгымды көтөрүүгө 1,2 млрд сомго жакын каражат талап кылынарын айтты.

Өз кезегинде комитеттин төрайымы Венера Раимбачаева Каржы министрлиги бул маселени 2023-жылдын 1-сентябрына чейин чечиши керек деп билдирди.

2022-жылы эле Финансы министрлиги 2023-жылы окуучулардын тамак-ашына көбүрөөк акча бөлүү пландалып жатканын айткан болчу.

Ал эми 2022-жылдын февралында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мектеп окуучуларынын тамагына деп бөлүнгөн акча жетпей жатканын айтып даттанган. Анын айтымында, шаарларда ар бир окуучуга 7 сомдон ал эми аймактарда 10 сомдон бөлүнөт.