Президент депутат Абиров жаранды сабаганы тууралуу окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырды

Депутат Жаныбек Абиров

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине Бишкектеги ресторандардын биринде жаранды сабаганы айтылган Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун ишин ар тараптуу иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу 13-мартта президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Билдирүүдө эл башчысына мушташуу жана «депутат Абиров тарабынан жарандын сабалышы» тууралуу маалымат берилгени айтылат.

«Бул жүрүм-турум мындай рангдагы мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбейт», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин, 12-мартта, соцтармактарда бир топ эркек кишилердин мушташкан видеосу тараган. Анда «Короче» телеграм каналы белгисиз адамды муштап, сабап жаткан киши эл өкүлү Жаныбек Абировго окшош экенин жазган.

Октябрь райондук милициясы 12-март түнкү саат 03:30 чамасында белгисиз адам Элебаев көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде коомдук тартипти жана жүрүм-турум нормаларын бузуп, жарандын денесине залал келтиргенин билдирген.

Милициядан аталган факты маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын, ошондой эле окуянын бардык катышуучулары аныкталганын билдиришкен. Бирок видеодогу депутат Абиров же ал эмес экени тууралуу маалымат беришкен эмес.

Ал эми «Клооп» Абировдун өзү менен байланышууга аракет кылып, бирок мындан майнап чыккан жок.

ТЕМА БОЮНЧА:

ЖМК: Депутат Жаныбек Абировго окшош киши Бишкектеги кафелеринин биринде күзөтчүнү сабаган