8 млрд сомдук чыгым. «Керемет Банктын» иши боюнча Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары кармалды

Улуттук банктын төрагасынын мурдагы эки орун басары жана башкармалыктын эки мүчөсү «Керемет Банктын» айланасындагы иш боюнча кармалды. Бул тууралуу 14-мартта «Клоопко» Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Улуттук банктын мурдагы жетекчилиги «Росинбанктын» (учурдагы «Керемет Банк») ААКсынын акцияларынын контролдук пакетин 8 млрд сомго негизсиз сатып алуудагы мыйзамсыз иштери тууралуу маалыматтарды» алышкан.

Коопсуздук комитети «бул банктын иши ачык эле рентабелдүү эмес жана активдери мамлекет үчүн финансылык жактан максатка ылайыктуу болбогон» деп айтышты. Кармалгандардын өздүгү: Ж.Н., Т.А., С.А. жана С.Н.

«Росинбанктын» акцияларын 2018-жылдын аягында сатып алышкан. Бул аралыкта Улуттук банктын төрагасынын орун басарлары Нурбек Жеңиш жана Айнура Теңизбаева болчу, ал эми башкармалыктын мүчөлөрү Алмаз Сыдыков менен Нурланбек Сагындыковдор болушкан.

Буга чейин «Керемет Банктын» иши боюнча банктын бир канча кызматкери, анын ичинде жетекчисинин орун басары Максат Дадыбаев, ошондой эле УКМКнын өздүк коопсуздук башкармалыктын башчысынын орун басары менен атайын кызматтын опер кызматкери кармалган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, «Керемет банктын» айрым кызматкерлерине «Алдамчылык», «Кылмыштуу кирешени адалдаштыруу (изин жашыруу)» жана «Документ жасалмалоо» беренелери менен кылмыш иши козголгон.

«Керемет банк» — Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн коммерциялык банк. Банк «Росинбанктын» укуктарынын, активдеринин жана милдеттеринин укук мураскору болуп саналат.

2018-жылдын октябрь айынан тартып, банктын акцияларынын 97,45%на Улуттук банк ээлик кылып келет.